БЕКТАШИЯ
БЕКТАШИЯ , б е к т а ш т а р – дербиштердин ордени жана бул ордендин мүчөлөрү. Эл ичинде айтылган маалыматтарга караганда, орто азиялык календер кожо Бекташ Вали Нишапури Хорасани (1208–1270) тарабынан негизделген. Кичи Азияда XIII кылымдын аягы – XIV-кылымдын башында алгач жергиликтүү көчмөн жана отурукташкан түрк элдеринде пайда болуп, кийин Түркия жана Балканга кеңири тараган. Бекташиянын диний ишенимдери, ырым-жырымдары ислам (негизинен шииттик) жана христианчылыктын айрым элементтеринен куралган. XIX кылымга чейин Түркияда Бекташиянын таасири зор болгон. Анткени бекташтар янычарлар менен тыгыз байланышта болгон. 1826-жылы султан Махмуд II ордендин ишине тыюу салганына карабастан, XIX кылымдын ортосунда алардын иш-аракети жандана баштаган. 1925-жылы Түркия өкмөтү тарабынан өлкөдөгү бардык дербиштик ордендер жоюлган. Учурда анын борбору Албанияда орун алган.