БЕКТЕНОВ Касымалы
БЕКТЕНОВ Касымалы (1910, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Кара-Ой кыштагы – 20. 6. 1975, Бишкек) – жазуучу, драматург жаа артист. Рабфакты бүткөн (1929). 1929–1934-жылдарда Нарын кантонундагы комсомол комитетинде, республикалык радио комитетте иштеген. Москвадагы А. В. Луначарский атындагы театр институтун бүткөн (1941). Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1945–1947-жылдарда Кыргыз мамлекеттик драма театрында артист, Пржевальскидеги облустук драма театрында башкы режиссёр, 1952–1957-жылдарда Кыргыз мамлекеттик драма театрдын директору, Кыргызстан кинематографисттер союзунун председателинин орун басары, 1964-жылдан Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштеген, кино фильмдерге тартылган. Адабий чыгармачылыгы 1950-жылдан башталган. 1953–1955-жылдарда «Тоо арасында», «Көк ирим көлдүн жээгинде», «Ашууда», «Бир цехтин адамдары» аттуу аңгемелерди жазган. 1955-жылы анын «Берекелүү өрөөн», «Бут башка таарынат» аттуу пьесалары коюлган. Бектенов «Куйручук» (1960), кыргыздын биринчи революционеринин өмүрүн баяндаган «Таабалды Пудовкин» (1-китеп, 1959; 2-китеп, 1962), «Райкандын күлкүсү» (1963), «Сөөк өчтү» (1967), «Мени унутпа» (1971), «Айкын жол» пьесаларынын, балдарга арналган бир нече китептин, жана башка чыгармалардын автору. Бектеновдун айрым китептери орус тилине которулган. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.
