БЕЛАРУССИЯ
БЕЛАРУ́ССИЯ (Беларусь), Б е л а р у с ь Р е с п у б л и к а с ы (Рэспублiка Беларусь) – Чыгыш Европадагы мамлекет. Түндүк-батышынан Литва ж-а Латвия, чыгышынан Россия, түштүгүнөн Украина, батышынан Польша м-н чектешет. Аянты 207,6 миң км2. Калкы 9,1 млн. (2024). Мамлекеттик тили – беларусь ж-а орус тилдери. Борбору – Минск шаары (облус статусуна ээ). Административдик аймактык жактан 6 облуска бөлүнөт.

Акча бирдиги – беларусь рубли. Беларуссия – БУУнун, ЮНЕСКОнун, Европа Кеңешинин, КМШнын, ЕККУнун, Эл аралык эмгекти бөлүштүрүү, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмдарынын, Эл аралык валюта фондунун мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү. Беларуссия – унитардык мамлекет. Конституциясы 15.3.1994-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы – президент (5 жылга шайланат). Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген өкмөт ишке ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу Улуттук Жыйналыш (Республика Совети ж-а Өкүлдөр палатасы). Саясий партиялары: Агрардык партия, либералдык-демократия партиясы, Беларуссия элдик фронт партиясы, Беларуссия коммунистер партиясы ж. б.
Табияты. Жеринин бетин орто бийиктиктеги (150–200 м) ж-а ойдуңдуу (100–150 м) түздүктөр ээлейт. Байыркы муз каптоо доорунун издери байкалат. Түндүк-батышын Балтика жалчасынын бир бөлүгү болгон морена жалчаларынын системасы (Свенцян, Браслав ж-а Освей) ээлейт.

Ортоңку бөлүгүндө батыштан чыгышка Беларусь жалчасы (Беларуссиянын эң бийик жери, 345 м Дзержинский тоосу) созулуп жатат. Жалчадан түштүк-чыгышка карай мөңгүнүн таасиринен пайда болгон түздүктөр тилкеси (Борбордук Березина ж. б.), түштүгүндө Беларусь Полесьеси жайгашкан. Беларуссия аймагы байыркы Чыгыш-Европа платформасынын батыш бөлүгүндө жатат. Негизги кен байлыктары – калий ж-а таш тузу (Старобинск, Петриковск ж. б.), нефть (Речицкое, Вишанское, Осташковское ж. б.), чым көң табигый курулуш материалдары (мергель, бор, айнек куму, шагыл ж. б.) казылып алынат. Темир, фосфорит, күрөң көмүр, сапропел ж-а минералдык суулар да бар. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орточо температурасы түштүк-батышында –4,5°Сден, түндүк-чыгышында –8, 4°Сге
чейин, июлдуку түндүгүндө 17,2°Сден, түштүгүндө 19,2°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 650 ммден (түндүк-чыгышында) 750 ммге чейин (борбордук бөлүгүндө). Башкы дарыялары: Днепр (куймалары – Березина, Припять, Сож м-н), Батыш Двина, Неман (куймасы Вилия м-н), Буг; көл-

дөрү (Нарочь, Освей, Лукомль, Дривяты ж. б.) көп. Беларуссияда 150дөн ашык суу сактагычтары бар. Ирилери: Вилия, Заславск ж. б. Чымдак-күл
топурак басымдуу. Табигый ландшафтынын 1/2 бөлүгүн айыл чарба жерлери ээлейт. Жеринин 35% токой. Беларуссия токоюнда сейрек кездешүүчү агыш көк карагай, сары рододендрон, көлмө жээктеринде суу жаңгагы өсөт. Беларуссия аймагында жалпы аянты 864,2 миң га болгон 57 кайтарылуучу жаратылыш аймагы, анын ичинде Березина биосфералык корук, Полесия радиационно-экологиялык корук, Браславия көлү ж-а Беловежа чер токоюнун (Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген) бир бөлүгү бар. Беларуссиянын аймагынын 1/4
бөлүгү 1986-жылкы Чернобыль авариясынан кийинки радиоактивдүү зонада жатат.
Калкынын 81,2% – беларустар, 11,4% – орустар, ошондой эле поляк, украин, еврейлер ж. б. улут
өкүлдөрү да жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 47 киши. Христиан динин (80% православиелер, 15% католиктер) тутат. Калкынын жашы-

нын орточо узактыгы эркектериники – 62,7; аялдарыныкы – 74,7 жаш. Шаар калкы – 71,5%. Ири шаарлары: Гомель, Витебск, Могилёв, Гродно, Брест, Бобруйск, Борисов.
Тарыхы. Беларуссиянын аймагында алгачкы адамдар жогорку палеолитте жашаган. Неолит доорунда адамдар эгин айдап, мал багууну үйрөнгөн. Б. з. ч. 7-кылымда Беларуссиянын аймагында жашаган уруулар темирден курал жасай башташкан. Б. з. 2– 5-кылымдарда бул жерге Днепр боюнан славян уруулары келе баштап, Беларуссия аймагын мекендеп калышкан. Днепр м-н Двина дарыяларынын баш жагында кривич, Полесье м-н Ортоңку Беларуссиянын бир бөлүгүндө дрегович, Сож алабында радимич уруулары турган. Бул уруулар б. з. 5-кылымынан тартып жер айдап, дыйканчылык кылган, мал асыраган, балык, аң уулаган. Алар 9-кылымга чейин түндүк-батышта жашаган балтикалык урууларды ассимиляциялап алышат. 6–8-кылымдарда Беларуссияны мекендеген чыгыш славяндарда уруу союздарынын ордуна княздыктар түзүлүп, кол өнөрчүлүк өнүгөт, соода-сатык кеңейип, шаарлар пайда болот. 9–11-кылымдарда Беларуссия жери Киев Русунун курамына кирет. Бул мезгилде Полоцк, Витебск, Минск сыяктуу ири шаарлар пайда болот. Польша, Швеция ж. б. чет жерлер м-н да соода жүргүзүлөт. Байыркы орус мамлекетинин феодалдык бытыроо процессинде (11–12-кылымдар) Полоцк, Туров, Смоленск княздыктары бөлүнүп чыгат, кийин алар да өз ара майда княздыктарга ажырап кетет. 13–14-кылымдарда Беларуссия жери Литва улуу княздыгынын курамына кирип калат. Бытырандылыктан ж-а байыркы орус мамлекетинен оолактап калгандыктан Рустун батыш бөлүгүндөгү калкта өзүнчө тил, маданият, үрп-адат пайда болот. Беларус эли калыптана баштайт. Кийинчерээк байыркы орус мамлекетинин батыш тарабындагы жерлер «Белая Русь» деп аталып калат. 13–15-кылымдарда беларус эли, литва, поляк, орус элдери м-н бирге немис рыцарларына каршы күрөшкөн. Немис рыцарларынын Тевтон орденин талкалоодо Грюнвальд салгылашуусу (1410) чечүүчү мааниге ээ болгон. Немис ордендеринин бийлигинин бошоңдошу Беларуссияга Батыш Европа м-н соода кылууга мүмкүнчүлүк берген. Беларуссия шаарларынын экономикалык маанисинин өсүшү ж-а шаардыктардын өз укуктары үчүн дайыма жүргүзгөн күрөшүнөн улам 14-кылымдын аягында Улуу князь 40тан ашык шаарга «магдебург укугу» деп аталган өзүн өзү башкаруу укугун берүүгө мажбур болот. 15–16-кылымдарда шаарларда кол өнөрчүлүк уюмдары түзүлөт. 16-кылымда беларустардын эл болуп калыптануусу аяктайт. 1569-жылы Люблин униясынын шарты боюнча Литва улуу княздыгы м-н Польша биригип, Речь Посполита мамлекети түзүлүп, Беларуссия анын курамына кирген. 1590–1663-жылдар аралыгында беларустар поляктарга каршы күрөшө баштаган. Алар 1648-жылы Б. Хмельницкий жетекчилик кылган украиндердин боштондук согушун активдүү колдойт. Россия-Польша согушунда (1654–67) беларус эли орус аскерлерине жардам көрсөтөт. Согуш, ачарчылык ж-а эпидемия Беларуссиянын экономикасын абдан бүлүнтөт, калкынын тең жарымы дээрлик азаят. Түндүк согушу (1700–21) өлкөнүн экономикасын ого бетер жакырлантат. Речь Посполитаны 1772-, 1773-, 1795-жылдардагы бөлүштүрүүлөрдө Беларуссия Россия империясынын курамына кирет. 19-кылымдын 2-жарымында беларус эли улут болуп түзүлгөн. Биринчи дүйнөлүк согуш мезгилинде Беларуссия аймагы бүлгүнгө учураган. 1917-жылы январдагы төңкөрүштөн соң, уюшулган Беларус радасы өз алдынча мамлекет түзүү үчүн күрөш жүргүзгөн. Алар 1918-жылы 19–20-январда поляк легиондорунун корпусу м-н биригип, Минск шаарын басып алып, Беларус Эл Республикасы түзүлгөн. 1919-жылы бул өкмөт кызыл аскерлер тарабынан талкаланган ж-а 1919-жылы Беларус Советтик Социалисттик Республикасы (БССР) түзүлгөндүгү жарыяланган. 1921-жылы Советтик Россия м-н Польшанын ортосунда түзүлгөн Рига тынчтык келишиминин шарты боюнча Батыш Беларуссия Польшанын карамагында калган. 1922-жылы 30-декабрда БССР СССРдин курамына кирген. 1939-жылы БССР Батыш Беларуссия м-н кошулуп, аймагы кеңейген. Батыш Беларуссиядагы поляктар Польшага көчүрүлгөн. Беларус эли Улуу Ата Мекендик согуштун (1941–
45) мезгилинде эң оор сыноону башынан өткөрдү. Согуштун алгачкы күндөрүнөн тартып Беларуссия салгылашуунун зор майданына айланды. 1944-жылы 24-июнда Лабейка кыштагын бошотууда кыргыз жоокери Ж. Асаналиев баатырларча курман болгон. Аймак баскынчылардан 1944-жылы июлда толук бошотулган. Бул согушта беларус эли 2 225 миң кишисинен ажыраган, 300 миңге жакын кишиси Германияга айдалган, 692 кыштак эли м-н жок кылынган, 209 шаар ж-а райондук борбор, 9200 кыштак, 1,5 млн имарат талкаланган. 1945-жылдан БУУнун Башкы Ассамблея-


сына мүчө. 1950-жылга чейин бардык республикалардын жардамы аркасында толук калыбына келтирилген. 1986-жылы Чернобыль АЭСиндеги болгон авария Беларуссиянын бай түштүк райондоруна чоң зыян келтирген. 1990-жылы июлда республиканын Жогорку Совети БССРдин суверендүүлүгү жөнүндө декларация, 1991-жылы 8-декабрда Беловежа макулдашуусунун чечимине ылайык, СССР таркатылган соң июлда көз каранды эместик жөнүндө декларация кабыл алган. 1994-жылы суверендүү өлкөнүн президенти болуп А. Г. Лукашенко шайланган. Экономикасы. Ички дүң продукциясынын көлөмү 70,5 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 6800 доллардан (АКШ) туура келет. Ички дүң продукциясындагы өнөр жайдын үлүшү 26,8%, айыл чарбасыныкы 8,9%. 2004-жылы 31,2 млрд кВт с электр энергиясы өндүрүлгөн. Негизги өнөр жай тармактары: трактор кураштыруу, автомобиль, станок, айыл чарба машиналарын, прибор куруу, радиоэлектроника, жеңил, электр-техника, химия, нефть-химия (калий, фосфор, азот жер семирткичтери, синтетикалык ж-а жасалма була), нефть ажыратуу. Отун-энергетикалык запасы ченелүү. 2003-жылы 1,8 млн т нефть казып алынган. Машина куруу комплекси чоң жүк ташуучу автомобилдерди, трактор ж-а айыл чарба машиналарын курууга адистешкен. Токой, жыгаччылык ж-а целлюлоза-кагаз өнөр жайы жергиликтүү ресурсу м-н иштейт. Жыгач иштетүү, фанера, ширеңке, картон, эмерек, целлюлоза-кагаз өнөр жайлары жакшы өнүккөн. Жеңил өнөржайы – тор кийим тигүү, бут кийим, тери ж-а булгаары; тамак-аш өнөр жайы – эт, сүт, май, макарон, нан, кондитер ж. б. продукцияларды чыгарат. Эт ж-а сүт багытындагы мал чарба-

чылыгы бар. Чочко асыралып, үй кушу багылат. Айыл чарбасына жарактуу жер 9,11 млн га, айдоо аянты 6,1 млн га, анын ичинде 43% – дан эгиндери (сулу, буудай, арпа, кара буудай, кара күрүч), кант кызылча, кендир, жашылча-жемиш айдалат. Темир жолунун узундугу 5,5 миң км, автомобиль жолунуку – 81,2 миң км (анын ичинде 70,2 миң кми асфальтталган). Беларуссиянын аймагы аркылуу мамлекет аралык мааниге ээ Париж – Брюссель – Минск – Москва; Санкт-Петербург – Витебск – Гомель – Киев – Одесса; Таллин – Рига – Вильнюс – Минск – Гомель – Киев магистралдары өтөт. Куур транспорту да өнүккөн. Днепр-Буг

каналында, Припять, Днепр, Сож, Березина дарыяларында кеме жүрөт. Сыртка трактор, автомобиль, химия продукцияларын ж-а азык-түлүк чыгарат. Сырттан өнөр жай ж-а азык-түлүк сырьёлорун алат. Негизги соода шериктештери: Россия, Украина, Германия, Литва, КМШ өлкөлөрү.
Маданияты. Беларуссияда 11–12-кылымдарда билим берүүнү чиркөө мектептери жүргүзгөн. 12-кылымда Евфросиния Полоцкая өз монастырында окутуп, окуучуларга китеп көчүртүү м-н алектенген. Ошондой эле Беларуссиянын аймагында көптөгөн протестант мектептери, басмаканалар ачылып, беларус тилинде алгачкы окуу китептер пайда болгон. 16–17-кылымдарда ариан мектептери түзүлүп, анда католик динине каршы күрөш жүргүзүшкөн. 18–кылымдын аягында Беларуссия Россияга кошулуп, орус эли м-н беларустардын карым-катнашы күчөп, 20дан ашык орус мектептери (анын ичинде 2 негизги, 6 элдик кичи орто окуу жайлары) шаардыктар үчүн ачылган. Бирок, билим берүү өтө төмөнкү деңгээлде жүргүзүлгөн. Беларустар өз эне тилинде билим ала алышкан эмес. Көптөгөн мектептерде окуу поляк тилинде жүргүзүлүп, карапайым калктын балдары үчүн эшик жабык болгон. 19-кылымдын 2-жарымында гана монастырлардагы диний мектептер жабыла баштаган. 1840-жылы айыл чарба окуу жайы уюшулуп, кийинчерээк академия болгон. 1919-жылы кечки мектептер ачылып, сабатсыздыкты жоюу жалпы жүргүзүлгөн. 1921-жылы университет (Минск), маданият институту (1922), ИА (1929), саз илим-изилдөө институту, ошондой эле тажрыйба станциялары уюшулган. 16-кылымда китеп басып чыгарууну Скорина негиздеген. Ал Библия, Псалтырь ж. б. китептерди беларус тилине которуп, Прагадан чыгарган (1517–20). 1932-жылдан 7 жылдык


билим алуу (батыш облустарында 1940-жылдан) киргизилген. Беларуссиянын билим берүү системасы – мектепке чейинки мекемелер (бала бакча ж. б.), башталгыч ж-а жалпы билим берүү, орто ж-а ЖОЖдон турат. Беларуссияда радио уктуруу 1925-жылдан уктурулса, теле көрсөтүү 1956-жылдан көрсөтүлөт. Гомелде, Брест, Витебск, Гродно шаарларында телестудиялар иштейт. Беларус адабияты элдин бай оозеки чыгармаларынан, ал орус, украин, беларустарга жалпы мурас болуп саналган Киев Русу доорунун адабиятынан башталат. Беларуссиянын белгилүү жазуучулары: М. Танк, Ф. Пестрак, В. Тавлай, М. Машара, Я. Купала, Я. Колас, К. Чорный, М. Чарот, П. Панченко, А. Кулешов, П. Глебко, К. Киркенко ж. б.Беларуссияда азыркыга чейин София собору (1044–66, Полоцк), Спас-Ефросиния (Полоцк) чиркөөсү, Киев Русу мезгилиндеги архитектура эстеликтери сакталган. Феодализм доорунда крепостной ж-а дворецтик-замоктук архитектура өнүккөн. Каменец мунарасы (Белая Вежа, 1276) ж-а Новогрудок, Лидадагы чептер, замоктор ж. б. 19-кылымдын 1-жарымында Беларуссиянын архитектурасы орус классицизминин таасиринде өнүккөн. 1934-жылы архитекторлор союзу түзүлгөн. Беларуссиянын музыкалык фольклорунда обондуу лирикалык ырлар басымдуу. Беларуссиянын бийлери, күүлөрүнүн мүнөздүү өзгөчөлүгү – шайырлыгы, темпинин тездиги м-н айырмаланат. Белгилүү бийлери: «Лявониха», «Бульба», «Янка», «Метелица». Салттуу музыкалык аспаптары: цимбал, алгачкы скрипка, жалейка, сурнай ж. б. «Селолук идиллия» деген операсы Минскиде 1852-жылы коюлган (музыкасы С. Монюшко, текстин В. Дунин-Марцинкевич жазган). Консерватория, опера ж-а балет театры, филармония (симфониялык оркестри м-н) уюшулган. Беларуссиянын академиялык хор капелласы, мамлекеттик эл хору, мамлекеттик бий ансамбли түзүлгөн. Беларуссиянын атактуу композиторлору: Н. Чуркин, Н. Соколовский, В. Оловников, Д. Каменский, П. Подковыров, Д. Абелсович, И. Лученок. Вокал өнөр
чеберлери: Л. Александровская, И. Болотин, М. Денисов, Р. Млодек, Т. Нижникова, Н. Ворвулев, З. Бабий ж. б. Театр өнөрү негизинен байыркы каада-салттан ж-а элдик оюндардан башталат. 16-кылымдан элдик театрдын кеңири таралган түрү – «батлейка» (куурчак театры) болгон. 19-кылымдын орто ченинде драматург В. И. Дунин- Марцинкович 1-театрын түзгөн. Беларуссиянын улуттук театрын түзүүдө Я. Купала м-н Я. Коластын драматургиясы зор роль ойногон. 2-драма театры 1926-жылы Витебскиде ачылган. 1946-жылдан «Беларусьфильм» киностудиясы иштейт. 1926-жылы «Токой окуясы» (режиссер Ю. Тарич) деген 1-көркөм фильм тартылган. Сүрөт музейи XVIII–XX кылымдагы (орус сүрөтчүлөрүнүн бай коллекциясы), жыгачтан жасалган айкелдер, бир нече сүрөт галересы бар. Минск шаарына жакын Раубичи спорт комплекси уюшулган.
Ад.: Белоруссия //Страны и народы мира. М., 1984. Т. 7.2; Даринский А. В. Белоруссия// География стран ближнего зарубежья. М., 1997; Слюнькова И. Н. Монастыри восточной и западной традиций: Наследие архитектуры Беларуси. М., 2002; [Музыкальная культура Белоруссии]// История музыки народов СССР. М., 1970–1997; История белорусского кино. Минск, 1969–1970. [Т. 1–2].