БЕЛАРУСТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛАРУСТАР – улут, Беларусь Республикасынын не­гизги калкы. Россия, Литва, Эстония, Украи­на, Казакстан, Польша, АКШ, Канада, Аргенти­на, Австралия, Улуу Британия, Франция ж. б­. жашашат. Жалпы саны 10 млн киши, анын ичинде 7904,6 миңи Беларуссияда (2000). Беларусь ти­линде сүйлөшөт, орус, поляк, литва тилдери да кеңири таралган. Дини – православие, ошондой эле 25% католиктер.

Беларустар орус ж-а украиндер м-н бирге чыгыш славяндар катары эсептелет. Беларустардын эт­ностук негизин чыгыш славян уруулары – дре­гович, кривич, радимич, древлян, северян, во­лыняндар түзгөн. 9-кылымда алар башка тектеш уруулар м-н бирге Киев Русунун курамына кир­ген да, байыркы орус эли болуп калыптанган. Феодалдык бытырандылыктан тартып 18-кылымга чейин Беларуссиянын жери Улуу Литва княз­дыгына (13–14-кылымдар), Речь Посполитага (16-кылым) караган. 16-кылымда беларусь эли негизинен калып­танып бүткөн. Польша бөлүштүрүлгөндөн ки­йин (18-кылым) Россиянын курамына кошулуп, 19- кылымдын аягында Беларустар улут катары түзүлгөн. Беларустар не­гизинен дыйканчылык, мал чарбачылык, бал­чылык м-н кесиптенишкен. Эркектери тизеси­не жеткен көйнөк, чыптама (камизелька), ке­нен шым, башына «брыль» (чий калпак), «ма­герка» (кийиз калпак), кышында «аблавуха» (тери, тон) кийип, түстүү жүн жиптен өрүлүп, учтары чачыланган кур байланат. Эркектердин кемсели ак түстө, жакасы ж-а этеги саймала­нып, көркөмдөлүп кооздолот. Аялдары «анда­рак» аталган юбка ж-а чыптама (гарсет) кий­ип, сыртынан саймаланган алжапкыч тагынып, түрдүү курларды байланган. Тамак-ашы неги­зинен ун, эт, сүт, жашылча-жемиш азыктары­нан даярдалып, анын ичинде картошкадан 200дөн ашык тамактын түрү, суусундук катары жемиштин ширеси, квас, чай, какао, кофе кеңири колдо­нулат.Беларустардын өкүлдөрү Кыргызстанда да жашашат. 1950– 80-жылдарда Кыргызстанга 13 миңге жакын Беларустар келип оту­рукташкан. Кыргызстанда жашаган Беларустардын басым­дуу көпчүлүгү өз эне тилин орус тили деп эсеп­тешкен. 1999-жылы Чүй облусу ж-а Бишкекте жа­шаган 2701 беларустун 582и гана беларус ти­лин өз эне тили катары түшүнүшкөн. СССР ку­лагандан кийин (1991-ж.) ар кандай себептер м-н Кыргызстандагы Беларустардын 78,6%и Беларуссияга кетишкен. 1992-жылы Минскиде өткөрүлгөн Беларустардын 1-съездинен кийин (Кыргызстандан да делегаттар катышкан) Кыргызстандагы Беларустардын «Свитанок» (1993) коомдук бирикмеси түзүлгөн. Ал Беларустардын маданиятын сактоо ж-а жайылтуу, Кыргызстанда­гы Беларусь Республикасынын элчилигинин кызмат­керлери, согуш ж-а эмгек ардагерлери, Черно­быль авариясын жоюуга катышкандар, бела­рус этносунун чыгармачыл өкүлдөрү м-н жо­лугушуу, беларус жаштарына эне тилин, улут­тук үрп-адатын, салтын, улуттук тамак-ашта­рын, фольклорун үйрөтүү, аларды колдоо, би­лим берүү иштерин жүргүзөт. Жергиликтүү беларус ди­аспорасынын өкүлдөрү кышында Святки (Ка­ляды), жазында Масленица ж-а Пасха, жайкы­сын Троица (Семих, Семуха), Иванов күнү (Ку­палье), түшүм майрамдарын майрамдашып, Дзя­ды (маркумдарды эскерүү) күнүн өткөрүшөт. Учурда Кыргызстанда 3200дөн ашык беларус улуту­нун өкүлдөрү ар кайсы тармактарда эмгекте­нишүүдө. Улуттар аралык мамилелерди чың­доого кошкон салымы үчүн Кыргызстандагы Беларустардын «Свитанок» коомдук бирикмесинин Президен­ти А. С. Шут «Даңк» медалы м-н сыйланган (1999).