БЕЛАРУС ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛАРУ́С ТИЛИ – чыгыш славян тилдери­нин бири. Беларусь Республикасынын мамлекеттик тилдери­нин бири. Беларус тили байыркы орус тилине өзөктөш. Ал түндүк-чыгыш ж-а түштүк-батыш диалектилерден турат. Беларусь адабий тили өзүнө тектеш тилдерден фонетикалык, морфологиялык жактан айырмала­нат. Азыркы беларусь жазуусу кириллицага не­гизделген. Беларус тилинин жазма эстеликтери 14-кылымга таандык.