БЕЛДЕМЧИ
БЕЛДЕМЧИ – 1) белден төмөн тартылуучу аялдардын тыш кийими. Баркыт, нооту кездемелеринен этеги жазы, жогорку бөлүгү белге беш жеринен кынаптала жасалып, кашат коюлуп, эки учалуу тигилет. Кебез, жүн, жука жасалган кийиз, ара туулган козу-улактын өңдөлгөн терилери менен ичтелип, жээгине милте коюлуп, боосу чалма болот. Чалманын учу топ чачы менен чоктолот. Кашаты башка жактарына караганда тыгыз шырылып, калыңыраак жана жазы келип, кемер сымал адамды тыкан алып жүрөт.

Белдемчини жазда, күздө, айрыкча кышта тартынат. Илгертен эле жаңы көз жарган келиндин энеси жээнин жентектеп келгенде, кызына белин бекемдөө үчүн Белдемчи тартуулаган. Белдемчини оор түйшүктүү көчмөн кыргыз аялдары жылуу, ыңгайлуу кийим катары жогору баалашкан. Аны күндөлүк турмушта гана эмес, ошондой эле той-тамашаларда да сый кийим катары тартынышкан. Мындай Белдемчилердин жээктери саймаланып, кундуз карматылып, чачыланып кооздолот. Белдемчинин кездемеси, тигилиши, көркөмдөлүшү жана түсү аны кийүүчү кишинин жашына, өңүнө, тулкусуна жараша жасалат. Анын эки түрү кездешет: айрым жерлерде Белдемчинин алдыңкы жээктери биригип тигилет (түндүк жана түндүк-батыш аймактарга мүнөздүү), ал эми Белдемчинин алды жагы ачык тигилген түрү Алай, Памир аймактарында кеңири тараган; 2) жоокер кийиминин бир бөлүгү. Белдемчи кийиз менен кайыштан кабатталып шырылып, сыртына темирдин калкан бөлүкчөлөрү кадалып, алды ачык жасалган. Ал жоокердин бел курчоосун тизеге чейин октон, найза, кылычтан сактоо максатында чопкут, чарайна, карыпчы жана башка кийимдер менен кошо кийилген. «Манас» эпосунда «Белдемчи темир байланып, Бел булуттай айланып…», – деп айтылат.