БЕЛЕКОВ Жанек Омошевич

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(БЕЛЕКОВ барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛЕКОВ Жанек Омошевич (1960-жылы туулган, Ош облусу, Өзгөн району, Мырза-Аке кыштагы) – хирург, ме­дицина илимдеринин доктору (1997), профессор. КММИни (1985), СССР МИАны, А. В. Вишневский атындагы хирургия институтунда аспирантураны (1990, Моск­ва), Казак Республикасынын саламаттык сактоо ми­нистрлигинин хирургия улуттук борборунда докторантураны (1997, Алматы) бүтүргөн. КММИде ассистент, профессор, 1998-жылдан Ош облустук ооруканасынын бөлүм башчысы.

Эмг.: Коррекция послеожоговых деформаций и контрактура шеи лопаточным лоскутом на микро­сосудистых анастомозах (в соавторстве). М., 1988.