БЕЛЕН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛЕ́Н , П а р а – Бразилиянын түндүгүндөгү шаар, Пара штатынын административдик борбору. Калкы 1,4 млн (2005). Эл аралык аэропорту бар. Ама­зонка дарыясынын дельтасындагы деңиз порту ж-а соода борбору. Тамак-аш, жыгаччылык ж. б. өнөр жайлары иштейт. Кеме верфи; университет, муни­ципалдык парк (шаар ичинде тропик токою) бар. 1616-жылы негизделген. Санту-Алежандри монасты­ры (18-кылым) сакталган.