БЕЛЕС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛЕС – тоонун же анын бир тармагынын кыр же этегирээк бөлүгүндөгү жайпагыраак келген бел, ашуу. Түрдүү формада болушу мүмкүн: жан­тайма, ээр сымал кайкы, мойнок сымал. Адат­та Белестин бети жайпагыраак келип, өсүмдүктөр текши өсөт.