БЕЛОВЕЖА ЧЕР ТОКОЮ
БЕЛОВЕ́ЖА ЧЕР ТОКОЮ – Беларуссия (Брест, Гродно облусу) менен Польшанын чек арасындагы (Неман, Буг жана Припять дарыяларынын алабында) корук-токой массиви. Жалпы аянты 150 миң га. Беловежа чер токою XIII кылымдан тартып княздар, кийин падышалар аңчылык кылуучу токой болгон. 1940- жылдан корук катары уюшулган, ал эми 1957- жылдан корук-аңчылык чарбасы. 1991-жылдан Беларуссиядагы улуттук парк (аянты 87, 6 миң га). 1992-жылдан Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Польша аймагында элдик парк (аянты 5,1 миң га). Өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсү өтө бай. Токойдун 50% аянтында кызыл карагай, ошондой эле мырза карагай, граб, эмен, коңдагач жана башкалар өсөт. Сүт эмүүчүлөрдүн 59, куштардын 228ден ашык, жерде-сууда жашоочулардын 11, сойлоочулардын 7, 30га жакын балыктын, 8,5 миңге жакын курт-кумускалардын түрү кезигет. Негизги корголуучу жаныбар – зубр, ошондой эле багыш, европа бугусу, элик, доңуз, куну, карышкыр, сүлөөсүн, коён, куштардан – токой чили, каракур, кереңкур жана башкалар.


Ад.: Беловежская пуща в третьем тысячелетии: Проблемы сохранения природы и устойчивого развития. Брест, 2002.