БЕЛОКТОР
БЕЛОКТОР , п р о т е и н д е р – пептид байланышы аркылуу байланышкан амин кислоталарынан турган ири молекулалык табигый органикалык бирикмелер. Белоктор – тиричиликтин материалдык негизи, бардык тирүү организмдердин өтө маанилүү курамдык бөлүгү. Организмде таяныч, булчуң, коргогуч ткандардын курамына кирип, зат алмашууда, клеткалардын көбөйүшүндө негизги мааниге ээ. Бардык ферменттер, гормондордун көбү, иммунитет учурунда пайда болгон антителолор да белоктордон турат, ошондой эле организмдеги көптөгөн тиричилик кубулуштары – зат алмашуу, өсүү, көбөйүү, тукум куугучтук ж. б-га түздөн түз катышат. Анда карбоксил (кислоталык) ж-а амин (негиздик) топтору болгондуктан, амфотердүү касиетке ээ. Алардын кээ бирлери сууда оңой эрисе, айрымдары туздуу эритмелерде, башкалары күчтүү жегичте гана эрийт. Амин кислоталары б елоктор молекулаларында пептид байланышы (–СО–NH–) аркылуу биригет. Цистин амин кислотасы катышса, дисульфид байланышы (–S–S–) болот. Алардын молекуласында бир нече полипептид тизмеги болушу мүмкүн. Ал тизмектеги амин кислоталары ар бир белоктун өзүнө гана тиешелүү тартипте жайгашат. Полипептид чынжырында амин кислоталары белгилүү тартипте кезектешип жайгашуу ырааты, биринчилик, амин кислотасындагы байланыштын айрым жерлери спираль түрүндө буралып, экинчилик структураны түзөт. Экинчилик структуранын бүгүлүшүнөн же буралып толгонуусунан алардын ортосунда кошумча суутек байланышы түзүлүп, үчүнчүлүк структура пайда болот. Бир нече белоктор биригип, спиралдардын бир боо болуп чогулушу төртүнчүлүк структураны пайда кылат. Полипептид чынжырынын жайгашуусуна жараша белок молекулаларынын формасы жип сымалдан (эт булчуңу–миозин, мал жүнү, жибек пилласы ж. б.) тоголокко (альбумин, глобулин, гемоглобин ж. б.) чейин өзгөрөт. Белоктордун түзүлүшүн изилдөө аларды синтездеп алууга мүмкүндүк берди. Алар жөнөкөй (амин кислоталарынан гана турган) ж-а татаал (амин кислотасы ж-а бирикмелерден турган) болуп бөлүнөт. Жөнөкөй белокторго альбуминдер, глобулиндер ж. б., татаал белокторго гликопротеиндер, нуклеопротеиндер ж. б. кирет. Белоктордун организмде амин кислоталарынан пайда болуу процесси биосинтез деп аталат. Белокторду өсүмдүктөр ж-а микроорганизмдер гана синтездейт. Киши, жаныбар организмине белоктор тамак аш ж-а тоют аркылуу келет.
Ад.: Щульц Г. Э., Ширмер Р. Принципы структурной организации белков. М., 1982; Овчинников Ю. А., Шамин А. Н. Строение и функции белков. М., 1983.
Ж. Чотоев.