БЕЛОЦКИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛО́ЦКИЙ Морис Львович (1895–1938) – сая­сий ж-а мамлекеттик ишмер; ВКП(б)нин Кыргыз об­комунун 1-секретары (1933–37). 1919–20-жылдарда Ук­раинада партиялык кызматкер, 1920–24-жылдарда жумуш­чу-дыйкан Кызыл Армия­сында дивизиянын комис­сары, Москвадагы аскер

академиясынын аскер ко­миссарынын жардамчысы. 1924–25-ж. СССРдин Буха­ра Эл Республикасындагы консу­лу, РКП(б)нин Түндүк Кавказ крайкомунда жооптуу инст­руктор, 1929–33-жылдарда Түндүк Кав­каз крайында партиянын Миллерово округдук комитети­нин, Түндүк Осетин обкомунун секретары, СССР

Осоавиахиминин председателинин орунбаса­ры. 1937-ж. жазыксыз жерден репрессияга учураган.