БЕЛТИР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БЕЛТИР – хакастардын курамындагы этностук топ; 18-кылымга чейин Абакандын оң жээгинен Арбат ж-а Табатка чейинки жерлерди байырлашкан кыргыздардын бир уруусу. Хакас оозеки чыгармаларында алар 1703-жылы Жуңгарияга зордоп көчүрүлгөн кыргыздардын өз мекенине кайтып келген бөлүгү катары баяндалат. Орус жазма булактарында Белтирлер 1635-жылдан белгилүү. Минуса ойдуңун Россия басып алгандан кийин Кытайдын Цин империясы м-н түзүлгөн Кяхта келишимине (1727) Белтирлер да катышып, чегараны көзөмөлдөөгө укук алышкан. Белтирлердин көпчүлүгү тарыхый санжыраларды жакшы билишет ж-а 15–18 муунга чейин айтып бере алышат.
О. Каратаев.