БЕЛУЖ ТИЛИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БЕЛУ́Ж ТИЛИ – негизинен Пакистан, Иран, Афганстан, Индия, Оман, Бириккен Араб Эмираттарында ж-а КМШ өлкөлөрүндө жашаган белуждардын тили. Иран тилдеринин түндүк-батыш тобуна кирет. Ирандагы ж-а Пакистандагы белуждар адабий тил катары перс тилин колдонуп келишкен. Пакистан ж-а Афганстан белуждары араб графикасына негизделген жазууну пайдаланышат.