БЕЛЬГИЯ
БЕ́ЛЬГИЯ , Б е л ь г и я К о р о л д у г у (фр. Royaume de Belgique, фламандча Koninkrijk Belgiё) – Батыш Европадагы мамлекет. Түндүгүнөн Нидерланд, чыгышынан Германия, түштүк-чыгышынан Люксембург, түштүгүнөн ж-а түштүк-батышынан Франция м-н чектешет. Түндүк-батышын Түндүк деңизи чулгайт. Аянты 30,5 миң км2. Калкы 11,7 млн (2023). Борбору – Брюссель шаары. Расмий тилдери: француз, нидерланд, немис

тилдери. Бельгия-федерациялык мамлекет болгондуктан үч аймакка: Вавилон, Фламанд ж-а Брюссель административдик аймактык жактан Брюссель агломерациясына ж-а 10 провинцияга бөлүнөт. Акча бирдиги – евро. Бельгия – БУУнун (1945), Европалык экономикалык

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2005)
уюмунун (1957), Европа кеңешинин (1949), ЕККУнун (1975), Эларалык валюта фондунун (1945), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын мүчөсү. Мамлекеттик түзүлүшү. Бельгия – федерациялык мамлекет. [Конституциясы 1831-жылы 7-февралда кабыл алынган, (1994-жылы 17-февралда өзгөртүүлөр киргизилген)]. Башкаруу формасы – конституциялык монархия. Мамлекет башчысы – король. Аткаруу бийлигин король м-н премьер-министр жетектеген Министрлер кабинети ишке ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламент (Өкүлдөр палатасы ж-а Сенат). Саясий партиялары: Либералдык реформалар партиясы (франкофондор), Социалисттик партия (франкофондор), Социал-христиан партиясы, Фламанд либералдар ж-а демократтар партиясы, Социалисттик партия (фламандыктар), Христиан Элдик партиясы, Фламанд блогу.
Табияты. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүн түздүк ээлейт; ал түндүк-батыштан, Түндүк деңиздин жээгинен түш-чыгышты карай бийиктейт. Эң бийик жери – Арденна тоосу, 694 м (Ботранж чо-

. кусу). Жээк бойлой жайгашкан дюналар улам
өрдөгөн сайын польдерлер (кургатылган саздак жерлер) тилкеси, Фландрия, Кампин жайпак түздүктөрү м-н алмашат. Өлкөнүн борбордук бөлүгүндө дөңсөөлүү түздүктөр басымдуу. Климаты мелүүн деңиздик. Январдын орточо темппературасы Арденнада –1°Сден деңиз жээгинде 3°Сге чейин, июлдуку 14°Сден 19°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны түздүктөрдө 700–900 мм, тоолордо (Арденна) 1500 ммге чейин.

Негизги дарыялары – Мёз (Маас), куймалары Урт. Самбра; Шельда, куймалары Лейе, Дандр. Кен байлыктарынан көмүргө бай, ошондой эле темир, коргошун, цинк, жез, сурьма кендери, гранит, мрамор ж. б. курулуш материалдары бар. Өлкөнүн басымдуу бөлүгүн маданий ландшафттар ээлейт. Бокаж (токой тилкелери м-н бөлүнгөн эгин талаалары ж-а шалбаа жерлер) мүнөздүү. Өлкөнүн аймагынын 24%ин жазы жалбырактуу токой – бук, эмен, граб, кайың ж. б. ээлейт (негизинен Арденнада). Польдерлерде ж-а дарыя жайылмаларында шалбаа, дюналарда верещатниктер өсөт. Жалпы аянты 78,4 миң га болгон 4 кайтарылуучу жаратылыш аймагы, анын ичинде От-Фань жаратылыш паркы бар.
Калкы. Негизинен фламанддар (56%), валлондор (32%), ошондой эле немистер м-н француздар да жашайт. Динге ишенгендеринин 57% католиктер, 1,7% протестанттар, еврейлер, мусулмандар ж. б. Дүйнөдөгү калк эң жыш жайгашкан өлкөнүн бири. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 342 киши. (Европада 2-орунда; Нидерланддан кийин). Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 75,4, аялдарыныкы – 81,9 жаш. Шаар калкы 96,7%. Ири шаарлары: Антверпен, Гент, Шарлеруа, Льеж, Брюгге.
Тарыхы. Байыркы замандан өлкөнүн аймагын белг уруулары мекендеген (өлкөнүн аты ушундан улам келип чыккан). Б. з. ч. 57-жылы Цезарь тарабынан басып алынып, Рим империясынын курамына кошулган. Б. з. 3–5-кылымдарында Бельгиянын аймагына герман франк уруулары көчүп келишет. 5–9-кылымдарда Бельгия Франк мамлекетинин курамында болот. 10–12-кылымдарда аймакта шаар куруу, жүндөн кездеме токуу, металл иштетүү, соода өнүгөт. 12-кылымда Бельгия Европанын «өнөрканасына» ж-а эл аралык соода түйүнүнүн борборуна айланат. 14–15-кылымдардын акырында Бельгиянын аймагы (1384-жылы Фландрия, 1430-жылы Брабант) Бургундия мамлекетине кирет. Бургундия мамлекети кыйрагандан кийин, Бельгияда Габсбургдар династиясынын (1477, толугу м-н 1482) бийлиги орнойт. 15-кылымдын башында Нидерланд деп аталган 17 провинциянын бир аймагы катары ( Бельгиянын азыркы аймагы, Нидерланд, Люксембург ж-а Түндүк Франциянын бир бөлүгү) анын курамына кирген. Европадагы өлкөлөрдө капиталисттик мамилелер өнүгө баштаганда, Нидерланд алдыңкы орунга чыккан. 1576-жылдагы көтөрүлүш Бельгиянын провинцияларында испаниялык бийликти жок кылуу м-н аяктаган, Нидерланддын түндүк провинциялары м-н келишим түзгөн. Бирок Бельгиядагы феодалдык-католиктик реакция Испания м-н союз түзүп, кыймылды баскан. Түндүк Нидерланд (Голландия Республикасы) ж-а Түштүк Нидерланд ( Бельгиянын аймагы) саясий, экономикалык жактан эки түрдүү жол м-н өнүккөн. Көз каранды эмес Голландия Республикасынын экономикасы гүлдөп, Испаниянын колунда калган Түштүк Нидерланддын экономикасы төмөндөгөн, капитализмдин өнүгүшү токтогон. Испандык мурас үчүн болгон согуштардын натыйжасында Бельгия австриялык Габсбургдардын (1714-жыл) бийлигине карап калат. 1794-жылы Наполеон империясынын курамына кирип, ал кулаган соң, Вена конгрессинин чечими боюнча, Голландия м-н Вильгельм I башкарган Нидерланд королдугуна биригет. Бул мезгилде өнөр жайы бир кыйла өнүгүп, темир жолдор салынган, банктар ачылган. 1830-жылы Голландия үстөмдүгүнө каршы чыккан Бельгия революциясы жеңишке жетишип, Улуттук конгресс тарабынан Бельгия королдугунун көз каранды эместиги жарыяланган, ошол эле жылы беш улуу держава (Улуу Британия, Россия, Франция, Австрия ж-а Пруссия) Лондондо өткөн конференцияда Бельгиянын көз каранды эместигин таанып, аны 1831-жылы түбөлүк бейтарап өлкө катары жарыялашкан. 1831-жылы Улуттук конргессте кабыл алынган конституция өлкөдө конституциялык монархиянын орногондугун белгиледи. Дүйнөлүк биринчи ж-а экинчи согуш мезгилинде Бельгия немис армиясы тарабынан оккупацияланган. Согуштан кийин өлкөнү кезек м-н социалисттик ж-а католиктик партиялар башкарган. 1960-жылы Конгого, 1962-жылы Руанда-Урундиге эгемендикти берген. Бельгия НАТОнун (Түндүк Атлантикалык Келишим Уюмунун) мүчөсү. Брюсселде НАТО Кеңешинин ж-а Европадагы бириккен куралдуу күчтөрдүн жогорку башкы командачысынын штабквартирасы жайгашкан. 1958-жылы Нидерланд ж-а Люксембург м-н союз түзүү жөнүндөгү келишимге (Бенилюкс) кол койгон. 20-кылымдын 60–70-жылдарында Бельгияда фламанддыктар (нидерланд тилинде сүйлөшкөндөр) м-н валлондуктар (франк тилдүүлөр) ортосунда оор мамилелерден улам абал татаалдашып кеткен. Жаңжалдан улам 1994-ж. өлкөнүн конституциясына өзгөртүүлөр киргизилип, Бельгия федерациялык мамлекет катары, ал эми Фландрия м-н Валлонияда өз алдынча өкмөттөр түзүлгөн. 2003-жылы өткөрүлгөн парламенттик шайлоолордон кийин Г. Верховстад жетектеген жаңы өкмөт шайланган. Экономикасы. Европадагы экономикасы жогорку деңгээлде өнүккөн индустриялуу өлкө. Ички дүң продукциясынын көлөмү 316,2 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 30 600 доллардан (2004; АКШ) туура келет. Ички дүң про-

дукциясында өнөржай м-н курулуштун үлүшү 25,7%, айыл, токой ж-а балык чарбасыныкы 1,3% (2004). Өлкөнүн экономикалык структурасынын негизги өзгөчөлүгү банк капиталынын басымдуулугу. Бельгия минералдык сырьёлорго жарды. Көмүр казылып алынат (учурда токтотулган). 2002-жылы 76,6 млрд кВт · с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 58% – АЭСке туура келет ( Бельгия дүйнөдө 2- орунда, Франциядан кийин). Өлкөнүн түндүгүндө Мол шаарында эл аралык ядро изилдөөчү ири борбор (тез нейтрондуу 3 реактору м-н), ошондой эле Евратом атом изилдөө бюросу, ядро отунун кайра иштетүүчү (Батыш Европа өлкөлөрү үчүн) ишканасы жайгашкан. Болот өндүрүү боюнча Европа шериктештиги өлкөлөрүнүн ичинен, алдыңкы катарда турат (2001-ж. 11,3 млн т).
Өнөр жайынын негизги тармактары: тамак-аш, химия (пластмасса, жасалма була, каучук), кара металлургия, металл иштетүү ж-а машина куруу (анын ичинде автомобиль куроочу тармагы өнүккөн), текстиль, айнек (айнек м-н күзгүнү экспортко чыгаруу боюнча дүйнөдө 1-орунда), кыймылдаткыч, жүк жүктөөчү транспорт жабдуулары, текстиль машиналарын куруу. Түстүү телевизор (көпчүлүгү

экспорттолот), илгертен курал-жабдыктарды
чыгаруу өнүккөн. Сода, жер семирткич ж-а пластмасса синтездөө үчүн органикалык сырьё, кинофотоматериалдар, медикаменттер чыгаруучу заводдору бар. Кебез-кездеме, кылторко, жасалма жибек өндүрүшү иштейт. Алмаз кырдалат (Антперпенде). Бриллиант соодалоонун борбору. Килем токуу, кийим тигүү, булгаары-бут кийим, мебель өнөр жай ишканалары иштейт. Айыл чарбасынын негизги тармагы – эт-сүт багытындагы мал чарбачылыгы. Бельгиянын аймагынын 1/2 нен ашыгы айыл чарбага жарактуу, анын 45% шалбаа ж-а чабынды, 55%ин дан эгиндери ээлейт. Айыл чарбасында калкынын 3% гана эмгектенгени м-н, өлкө айыл чарба продуктусуна болгон ички керектөөсүн толугу м-н камсыздайт. Кант кызылчасы, жашылча жемиш, дан эгиндери өстүрүлөт. Бодо мал, чочко асыралат. Бельгия сүт продукцияларын өндүрүү боюнча Европадагы эң ири мамлекеттерден болуп саналат. Темир жолунун узундугу 3,5 миң км (анын ичинде 2,6 миң кми электрлештирилген; анын жыштыгы боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда). Автомобиль жолунуку – 149,0 миң км. Дарыяларында (Шельда, Маас) кеме жүрөт. Деңиз соода флотунун тоннажы 1146,3 миң рег. бр.-т (2005). Башкы деңиз порту – Антверпен, андан башка ири порттору – Брюгге, Гент, Остенде, Брюссель. Сыртка автомобиль ж-а өнөр жай жабдууларын, кара ж-а түстүү металлдар, химия, текстиль продуктуларын, зергерчиликке колдонулуучу алмаз чыгарат. Сырттан энергетикалык сырьёну, азык-

түлүк, машина ж-а жабдууларды алат. Негизги соода шериктештери: Германия, Франция, Нидерланд, Улуу Британия, АКШ.
Маданияты. Бельгиядагы алгачкы чиркөө мектептери орто кылымда уюшулган. 18-кылымдын аягында менчик мектептер пайда болгон. 1914-жылдан негизги окуу жөнүндө (6–14 жаш) мыйзам кабыл алынган. Башталгыч ж-а орто мектептерде окуу фламанд ж-а француз тилдеринде жүргүзүлөт. Билим берүүнүн мамлекеттик секторун билим берүү министрлиги, менчик мектептер католиктик окуунун секретариаты тарабынан көзөмөлдөнөт. Билим берүү системасы – мектепке чейинки мекемелерден (3–6 жаш), башталгыч (6-жылдык) мектептерден турат. Билим берүүнүн негизги принциптери О. Декороли тарабынан иштелген. Орто мектепте 6 жылдык мөөнөт менен окулуп, 2 баскычка (3 жылдан) бөлүнөт. Биринчи баскычы 3 бөлүмдөн – классикалык, азыркы ж-а орто билим алганга чейинки, 2-баскыч классикалык бөлүм – латын-грек, латын-математика, латын-табигый, учурдагы окуу бөлүмү – табигый-илимий, коммерциялык болуп бөлүнөт. Атайын билим берүү атайын ж-а техникалык мектептерден туруп (6 жыл), башталгыч мектептин базасында иштейт. Техникалык мектептерде 1-баскычты бүтүргөндөн окулуп, андан кийин жогорку техникалык мектептерге жолдомо алышат. Бельгияда 21 ЖОЖ (анын ичинде 5 университет) бар. Ири китепканалары: Бельгия улуттук (1837), университеттик (1846). Музейлери: Король азем өнөр искусство (Антверпенде, 1890; анын ичинде байыркы ж-а заманбап искусство), Король азем өнөр ж-а тарых (1835), Тервюрендеги Борбордук Америкалык королдор (1897), Муниципалдык сүрөт галереясы (1930, Брюгге). 1924-жылдан радио уктуруу, 1953-жылдан телекөрсөтүү иштейт. Учурда массалык маалымат каражаттары (33 күнүгө, 28 аптасына) француз, немис, нидерланд тилдеринде чыгат. Коомдук (3 теле, 5 радио каналы; француз тилинде), ж-а менчик (30дан ашык теле, 800 радиостанция) телерадио компаниялары иштейт. Бельгиянын француз тилиндеги алгачкы ж а з м а э с т е л и к т е р и 12-кылымга таандык. Орто кылымдагы бельгиялык адабияттын негизги жанры – тарыхый хроника ж-а крест жортуулу тууралуу эпикалык айтымдар. «Окассен жана Николет» аноним ыр-жомогу Фландрияда түзүлгөн. 13–14-кылымдарда куртуза адабияты (фабльо, повесть, ыр, рыцарь романдары) өнүккөн. Белгилүү менестрелдери (эшик ырчылары) – Ж. де Конде, В. де Кувен. «Түлкүнү такка отургузуу» аттуу аноним романы 1280-жылы ченде жарык көрсө, 14-кылымга «Фландрия хроникасы» (Ж. Фруассара) таандык. 15-кылымдан новелла жанры («Жаңы 100 новелла», А. де. ла Саля) пайда болгон. Француз акындарынан таасирленип А. дю Эке, Л. де Мазюр ж. б. «Плеяданын» таасиринде жазышкан. 18-кылымдын ортосунан Бельгиянын адабиятында трактат пайда болгон. Жаңы агымдын борбору Льеж шаары болуп, Вольтердин чыгармалары, «Энциклопедиялык журнал» басылган ж-а адабият коомдору, ийримдер уюшулган. 19-кылымдын башында романтика духундагы чыгармалар пайда болуп, бирок бельгиялык романтиктер Ж. Байронду, кийинчерээк В. Гюгону туурашкан. 20-кылымдын 20–30-жылдарында Ф. Элленс М. Горькийдин чыгармаларынан таасирленип, роман жараткан. Фламанд тилиндеги адабиятыты 18-кылымдын башына чейин Нидерланд адабиятынын бир бөлүгү болгон. 16-кылымдын аягында нидерланддык маданият Бельгиянын түндүгүндө жайгашса да Нидерланд тилинде өнүккөн, бирок 17-кылымдан фламанд адабияты аталган. 19-кылымдын 2-жарымында сын реализмине жакын адабият өнүгөт. 20-кылымдын башында декадент чыгармалары жазыла баштаган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин тынчтыкты, демократияны жактаган жазуучулар: М. Дейзе, П. ван Акен. Бельгиянын аймагында кельт ж-а байыркы Рим искусствосунун эстеликтери сакталган. Орто кылымда тез байып келаткан соода өнөр жай шаарлары Бельгиянын феодалдык ээликтерине майдаланып бөлүнүп кетишине байланыштуу көркөм маданияттын роман (11–12-кылымдар), готика стилиндегилери пайда болгон. 1566–1609-жылдарда Бельгиянын искусствосунда өзүнчө мектеп пайда болуп, ал 18-кылымдын акырына чейин фламанд искусствосу аталып, анда барокко стили эски салттуу Нидерланд маданияты м-н бирдикте өнүккөн. 17-кылымдагы фламанд сүрөт өнөрүндө П. П. Рубенс көрүнүктүү орун ээлейт. Анын көптөгөн жолун жолдоочулардан А. ван Дейк, Я. Йорданс өзгөчөлөнүшкөн. Ф. Снейдерс ири көлөмдөгү натюрморт жаратса, Л. Ван Уден пейзаж тарткан. Италия сүрөт-


чүлөрүнөн таасирленишкендер: Караважо, А. Янсинс, Г. Сегерс, Т. Ромбаутс. Фламанд сүрөтүнүн көчүрмөлөрү жезге (гравюра), жыгачка, шпалерага түшүрүлгөн. Фландрия, Брабант колго токулган торлору м-н даңталган. 19-кылымдын 80- жылдарында архитектуранын модерн стили калыптанган. Кийинчерээк турак ж-а коомдук жайларды курууда учурдагы архитектуранын принциптери колдонулган. Музыкасы улуттук каада-салттын негизинде түзүлгөн. Өлкөнүн түндүк бөлүгүндөгү фламанддар нидерланддык маданий салттары м-н, түштүгүндөгү валлондор Франциянын маданиятынан таасирленишкен. Бул улуттук өзгөчөлүктөр фольклордо да, профессионал музыкалык искусстводо да байкалат. Бельгия музыкасы франко-фламанд Нидерланд мектебинен (15–16-кылымдар), Кайра жаралуу доорунда пайда болгон полифония искусствосу Батыш Европанын композиторлор мектебинен таасирленген. Анын көрүнүктүү өкүлдөрү: Я. Обрехт, А. Вилларт, Жоскен Депре, Орландо Лассо. 17-кылымда Бельгиянын музыкасынын авангарддык ролу төмөндөйт, анткени эң белгилүү композиторлору Францияга иштеп кеткен. Скрипка боюнча улуттук мектеп ачылган. Бельгиянын белгилүү музыкалык ишмерлери: Ж. Абсиль, Р. Дефоссе, Ф. Кине, А. Сури, М. Пот ж. б.; дирижёрлору: Ф. Андре, Д. Дефо; скрипачтары: А. Грюлью, К. ван Несто. Брюссель ири музыкалык борбор, анда «Де Ла Монне» театры, концерт коому, симфониялык оркестр ж. б. бар. Эл аралык конкурстар: Брюсселде королева Елизавета атындагы музыкант-аткаруучулардын (1951-жылдан, дүйнөлүк атакка ээ), Гентте И. С. Бах атындагы органчылардын (1958- жылдан), Льежде кылдуу аспапчылар квартеттеринин (1951-жылдан) конкурстары өткөрүлүп турат. Антверпенде (1893), Гентте (1900) опера театры иштейт. Бельгиянын театр маданияты француз ж-а фламанд тилинде өнүккөн. 13–15-кылымдарда литургиялык (латын тилинде), морамит ж-а мистерия (француз ж-а фламанд тилинде) драмалары коюлуп кел-

ген. 16–17-кылымдарда театр искусствосу диний куугунтуктоонун натыйжасында токтогон. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Бельгия театр искусствосунун өнүгүшүнө драматургдар М. Метерлинк, Ш. ван Лерберга, Ж. Роденбаха, М. Дютерм зор салым кошкон. Бельгиянын залкар драматургдары – Ф. Краммелинк, М. Гельдерод, Х. Клоссон, Х. Трейлинг, Г. Мартенс. Сахна өнөрүнүн улуттук мектеби калыптана албады, анткени Бельгиянын көрүнүктүү актёрлору, режиссёрлору четке кетишкен. Эски театрлары м-н катар жаңы театрлар пайда болуп, мамлекеттик труппалар түзүлгөн. Театр ишмерлерин Брюсселдеги королдук консерватория даярдайт. 1908-ж. Харревелде алгачкы киностудия уюшулуп, 1-фильми тартылган. 1919-ж. Бельгия кинокомпаниясы, 1922-жылы «Бельгия фильми» киностудиясы ачылган. 20-жылдардын аягынан кинорежиссёрлор Ш. Декёкелер, А. Строк, А. Ковен, кийинчерээк П. Хасартс этнография, искусство таануу ж. б. фильмдерди тартып, кинонун ушул жаатында ири жетишкендиктерге ээ болушкан. Брюсселде Бельгия синематикасы иштейт, анда 1962-жылы музей ачылган. Бельгияда бир нече кинематография институттары бар. Брюссель м-н Гент шаарларында эл аралык кинофестивалдар өткөрүлүп турат. Бельгияда көптөгөн карнавалдар өткөрүлөт. Белгилүүлөрү: Бинштегл карнавалы, Ыйык Канн (май, Брюгеде), Ыйык Николай күнү балдар карнавалы (6-декабрь). Король азем искусство (Антверпен; П. П. Рубенстин ж. б. Фламанд сүрөтчүлөрүнүн белгилүү коллекциялары коюлган), валлон искусство музейлери (Льежде), 13-кылымга таандык базар аянты (бийиктиги 108 м коңгуроолуу мунарасы м-н), Ыйык Сальватор собору (XIII– XIV кылымдар), чиркөөлөр, ратуша (XIV кылым), Ымыркай көтөргөн Мадоннанын капка, цитадель, готика стилиндеги Нотр-Дам собору (1211-жыл; Ван Дейктин сүрөттөрү сакталган), Ыйык Бавон собору (Х кылымдын күмбөздөрү ж-а даңктуу «Гент алтары» м-н), бийиктиги 121,9 м шпиль (шиш найза) сакталган. Ошондой эле Льежде Ыйык Павел чиркөөсү (Х кылым), сот сарайы (XVI кылым), Брюссель готика стилиндеги борбордук аянт (XV кылым), королдор сарайы, Ыйык Михаил чиркөөсү (XIII кылым) бар.
Ад.: Аксенова Л. А. Бельгия. М., 1982; Пантелеева С. В. Нидерланды и Бельгия. СПб., 1905; Малые страны Западной Европы. М., 1972; Деловая Бельгия: Экономика и связи с Россией: Справочник. М., 2002– 2004 –. Т. 1–3.