БЕЛЬЭТАЖ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛЬЭТА́Ж (французча bel – сонун, кооз, etage – ярус) – 1) оюн көрүүчү залдын партери менен амфитеатрдын үстүндөгү балкондордун бирин­чи ярусу, кабаты; 2) ак сарайлардын, үйлөрдүн экинчи кабаты.

Россиядагы Чоң театрдын бельэтажы
Көп кабаттуу үйдүн бельэтажы. Одесса.