БЕЛЯНДРА
БЕЛЯ́НДРА Василий Яковлевич (5.1.1914, Костанай облусу, Костанай району, Достовский кыштагы – 12.3.1967, Чүй облусу, Кемин району, Боролдой айылы) – Советтер Союзунун Баатыры (1943). Советтик Ар-

мияга чакырылганга чейин (1941) Кемин районундагы Ильич атындагы совхоздо комбайнчы болуп иштеген. 1943-жылы мотоаткычтар бригадасында взводдун (Воронеж фронту, 3-гвардиялык танкалык армия, 7-гвардиялык танкалык корпус) командири болуп дайындалган. Киевди бошотуу үчүн 1-Украина фронтунун аскерлеринин салгылашында Беляндра өзүнүн взводу м-н Днепрден биринчилерден болуп өтүп (1943), Трахтемиров кыштагын (Киев облусу, Канаев району) ээлейт. Эки сутканын ичинде Беляндранын взводу душмандын 7 контрчабуулунун мизин кайтарган. Бул салгылашуудагы эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамына арзыган. 1945-жылы Берлинди алууга ж-а Праганы бошотууга өз салымын кошкон. 1945-жылы 24-июнда Москвада өткөн Жеңиш парадына катышкан. Согуштан кийин Боролдой айылында МТСте механик болуп иштеген. Ленин, Кызыл Туу, Александр Невский, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.