БЕЛ-АЛДЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕЛ-АЛДЫ – Жалал-Абад облусунун Токтогул районун­дагы кыштак. Бел-Алды айыл өкмөтүнө караш­туу. Бел-Алды тоосунун түштүгүндө, деңиз деңгээлинен 1380 м бийиктикте жайгашкан. Райондун бор­бору Токтогул шаарынан 45 км түндүк-чыгыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 180 км. 1900-жылы отурукташкан. Калкы 1373 (2022); не­гизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мек­теп, ФАП, китепкана, 2 тегирмен, дүкөн, май чыгаруучу цех бар.