БЕНГАЛДЫКТАР
БЕНГАЛДЫКТАР – улут, Бангладештин ж-а Индиядагы Батыш Бенгалиянын негизги калкы. Непал, Бутан, Сингапур, Улуу Британия ж. б. өлкөлөрдө жашашат. Жалпы саны 189,650 млн киши, анын ичинде Бангладеште 109,5 млн, Индияда 80 млн (2000). Бенгал тилинде сүйлөшөт, хинди, урду, англис тилдери да кеңири таралган. Бангладештеги Бенгалдыктар негизинен мусулман-сун-

ниттер, ошондой эле индуисттер, Индияда болсо индуисттер, мындан тышкары мусулман, жайны, христиандар да бар. 8–13-кылымдарда Бенгалия аймагында Пал династиясы, кийин Сен династиясы
үстөмдүк кылган күчтүү мамлекеттин пайда болушу Бенгалдыктардын консолидацияланышына түрткү берген. 13-кылымда Бенгалдыктар мусулмандар башкарган Дели султандыгына караган. 16-кылымда Улуу Моголдордун бийлиги астында болгон. Ушул мезгилде Бенгалдыктарда ислам дини кеңири жайылган. Бенгалдыктар 18-кылымда англиялык Ост-Индия компаниясына баш ийген. 1947-жылы Батыш Бенгалдыктар (индус элдери м-н) Индияга, Чыгыш Бенгалдыктар (мусулман элдери м-н) Пакистанга өткөн. 1971-жылы Пакистандагы Бенгалдыктардын боштондук кыймылынын натыйжасында көз каранды эмес Бангладеш мамлекети түзүлгөн. Бенгалдыктар дыйканчылык м-н кесип кылышат. Негизинен күрүч, ошондой эле буурчак, май өсүмдүктөрү, бал камыш, чай өстүрүшөт. Бамбук же жыгачтан тургузулган, ошондой эле ылайдан сокмо м-н салынган, бир бөлмөлүү үйлөрдө жашашат. Аялдар сари ж-а кыска кофта кийип, ислам дининдегилер көчөдө паранжы же чадра жамынат. Эркектер башына чалма (индустар), мусулмандар тегерек калпак кийишет. Тамак-ашы негизинен күрүч, чанактуу өсүмдүктөр, жашылча, балык. Эт азыктарын сейрек пайдаланышат.