БЕНГАЛИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕНГА́ЛИЯ , Б е н г а л (хинди тилинде – Б а н­ г а л, бенгал тилинде – Б а н г л а) – Индияда­гы тарыхый аймак, Ганг дарыясынын төмөнкү агы­мында, Ганг ж-а Брахмапутранын чатында. Байыркы мезгилде Бенгалиянын ар кайсы бөлүктөрү Анга, Ванга, Гауда ж. б. аталыштар м-н атал­ган. Б. з. ч. 6-кылымда Магадханын бийлиги астын­да болгон. Бенгалия аталышы 10–12-кылымдарда калыптан­ган. 8–13-кылымдарда Бенгалиянын аймагында Пал, кийин Сен династиялары башкарган мамлекеттер өкүм сүргөн. 13-кылымдын башында Дели султанатынын курамына кирген. 14-кылымдын ортосунда кайрадан көз каранды эместикке жетишкен. 1575-жылы Улуу Моголдор тарабынан каратылган. 18-кылымдын ба­шында Бенгалиядагы Бихар ж-а Орисса жерлеринде борбору Муршидабад болгон өз алдынча мамле­кет (навабдык) түзүлгөн. 1756-жылы англиялык Ост-Инд компаниясы Бенгалиянын навабы Сираж ад-Даулга каршы согуш ачып, Плессинин алдындагы сал­гылашуудан (23-июнь 1757-жыл) кийин, компа­ния Бенгалияны толук каратып алган. 1905-жылы англиялык бийликтердин Бенгалияны эки аймакка бөлүүсү бен­галдыктардын катуу каршылыгын пайда кы­лып, 1911-жылы аларды кайрадан бириктирүүгө аргасыз кылды. 1947-жылы Индиянын аймагында өз алдынча эки мамлекеттин – Индия ж-а Па­кистандын түзүлүшү м-н, индустар жашаган Батыш Бенгалия (борбору Калькутта) Индияга (Батыш Бенгалия штаты), мусулмандар жашаган Чы­гыш Бенгалия (борбору Дакка) Пакистанга (Чы­гыш Пакистан) өткөн. 20-кылымдын 50–70-жылда­рында Чыгыш Пакистанга автономия берүү үчүн күрөшүп келген М. Рахман жетектеген Элдик Лига партиясы парламенттик шайлоодо жеңип чыгып, Пакистан парламентиндеги 313 орундун 167сине, провинциялык ассамблеядагы 310 орун­дун 288ине ээ болду. Бирок Пакистан өкмөтүнүн бул партияга бийликти берүүгө каршы болгон­дугуна байланыштуу өлкөдөгү жагдай татаал­дашып, узакка созулган талаш-тартыштын на­тыйжасында 1971-жылы Чыгыш Пакистанда өз ал­дынча Бангладеш мамлекети түзүлгөн.