БЕНГАЛ БУЛУҢУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕНГА́Л БУЛУҢУ Инди океанында, Индстан ж-а Индикытай жарым аралдарынын аралыгында. Аянты 2191 миң км2. Эң терең жери 3954 м, Ганг ж-а Брахмапутра дарыялары куят. Туздуулугу 34‰ге чейин. Суткасына эки жолу ташкындайт (бийиктиги 10,7 мге чейин). Макрель, скумбрия, тунец, камба­ла, устрица, голотурия балыктары кармалат. Негизги порттору – Калькутта (Ганг дарыясынын дель­тасында), Мадрас (Индия) ж-а Читтагонг (Бан­гладеш).