БЕНГАЛ ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕНГА́Л ТИЛИ , б е н г а л и – инди (индевропа) тилдеринин бири; Бангладештин ж-а Индиянын Батыш Бенгалия штатынын расмий тили. Ал батыш ж-а чыгыш диалектилеринен турат. Ада­бий тили «классикалык» (шадху-бхаша) ж-а «оозеки» (чохит-бхаша) стилдерине бөлүнөт. 10–12-кылымдарда жазуу эстеликтери жаралган. Бенгал тили эски, орто (14-кылым) ж-а жаңы бенгал (18-кылымдын аягынан) этаптарын басып өткөн, жазуусу брахмиге кирет.

Ад.: Быков Е. М. Бенгальский язык. М., 1966.