БЕНЕФИС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕНЕФИ́С (французча bйnйfiсе – пайда) – түшкөн пай­дасы бир же бир нече актёрго, ошондой эле театрдын башка кызматкерлерине (бенефисчилерге) таан­дык спектакль. 1735-жылы Францияда пайда бол­гон. СССРде 1925-жылы жоюлган. Кимдир-бирөөнүн юбилейине арналган оюн-зоок да Бенефис деп аталат.