БЕНЗИЛ СПИРТИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БЕНЗИ́Л СПИРТИ, С6Н5СН2ОН – эң жөнөкөй ароматтык спирт; түссүз, жагымдуу жыттуу суюктук. Кайноо t 205,8°С; органикалык эриткичте, суюк аммиак м-н күкүрттүү ангидридде жакшы эрийт. Жаратылышта кээ бир бальзамдардын, эфир майларынын курамында көп учурайт. Ал гидролиздөө жолу м-н хлордуу бензилден С6Н5СН2Cl же бензилацетаттан ж-а толдуолду окистендирүүдөн алынат. Бензил спирти ж-а анын эфирлери парфюмерия ж-а самын чыгарууда жагымдуу жыт берүүдө ж-а тамак-аш эссенциясын даярдоодо, лак, эриткич ж-а косметикалык зат катары колдонулат.