БЕНЗИН
БЕНЗИ́Н (фр. benzine) – жеңил углеводороддордун аралашмасы; кескин жыттуу, түссүз, 35– 205°Сде кайноочу, суудан жеңил, күйүүчү суюктук. Тыгыздыгы 0,70–0,78 г/см3, 60°Сден төмөнкү температурада тоңот, от алуу температурасы 0°Сден төмөн, абада тез бууланат. Буусунун концентрациясы абада 74–123 г/м3 болсо, жарылгыч аралашманы пайда кылат. Бензин негизинен нефтини крекингдөө же буулантып бөлүүдөн, ал эми аз санда таш көмүрдү, күйүүчү сланецти кайра иштетүүдөн, жаратылыш газынан алынат. Карбюраторлуу авто ж-а авиа кыймылдаткычтарда отун катары колдонулат; май, каучук, чайырларга экстрагент ж-а эриткич. Отун катары пайдаланылуучу бензин автомобиль ж-а авиация үчүн болуп бөлүнөт. Автомобиль бензининин А-72, А-76, АИ-92, АИ-93, АИ-98 (цифралар октан санын билдирет), авиация бензининин Б-100/130, Б-95/130, Б-91/115 (бөлүмүндөгү сан октан санын, алымындагысы – бензиндердин сортунун көрсөткүчү) деген маркалары болот. Детонациялык туруктуулугу анын негизги касиеттеринин бири. Антидетонациялык касиети октан саны м-н туюнтулат. Октан саны жогорулаган сайын антидетонациялык касиети өсөт. Детонациялык касиетин жогорулатуу үчүн бензинге белгилүү өлчөмдө тетраэтил коргошун Pb(C2H5)4 кошулат, к. Мотор майлары.