БЕНЗОЙ АЛЬДЕГИДИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕНЗО́Й АЛЬДЕГИДИ , С6Н5СНО – ачуу бадам жыттанган, май сымал түссүз суюктук. Эрүү t 26°С, кайноо t 179,1°С; сууда начар эрип, спирт, бензол, эфир, хлороформ м-н бардык көлөмдө аралашат. Абада бензой кислотасына өтө тез кыч­кылданат. Щелочтуу эритмелерде ысытууда бен­зил спиртин ж-а бензой кислотасын (Канниццаро реакциясы) пайда кылат, KCNдин катышуусун­да конденсация реакциясына кирип, бензоин­ди, фенол же үчүнчүлүк ароматтык аминдер м-н трифенилметандын туундуларын, NHз менен гидробензамидди пайда кылат. Ал бадам, шабдалы, өрүк жана алчанын ачуу данектеринде кездешет. Өндүрөштө толуолду кычкылдандыруу ж-а бензилхлоридди гидролиздөөдөн алынат. Бензой альдегиди фенилуксус альдегидин, жыпар жыттуу бирикмелерди, боекторду алууда ж-а парфюмерияда жагымдуу жыт берүүчү зат катары, тамак-аш эссенциясын алууда колднонулат.