БЕНЗОЙ КИСЛОТАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕНЗО́Й КИСЛОТАСЫ , С6Н5СООН – эң жөнөкөй ароматтык кислота; түссүз, жалтырак кристаллдар. Бензой эрүү t 122,4°С, кайноо t 249,2°C. Ага бардык монокарбон кислоталарынын касиеттери тиешелүү. 370°Сде бензолго ж-а СО2ге чейин ажырайт. Бен­зохлорид м-н жогорулатылган температурада бен­зой ангидриди пайда болот. Бензой кислотасы ж-а анын эфир­лери эфир майларында, бальзамдарда, бензой чайырында кездешет. Өндүрүштө толуолду HNO3 м-н окистендирүү, фталь кислотасын декарбоксилдөө ж. б. жолдор м-н алынат. Туздары ж-а эфирле­ри антисептик касиетке ээ. Анын натрий тузда­ры медицинада, тамак-аш азыктарын консер­валоодо, ал эми эфирлери парфюмерияда, боёк синтездөөдө колдонулат.