БЕНЗОЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕНЗОЛ́Л , С6Н5 – ароматтык углеводороддордун эң жөнөкөй өкүлү. Мүнөздүү жыты бар, тез буулануучу түссүз суюктук, эрүү t 5,5°С, кайноо t 80,1° С. Анын буусу белгилүү өлчөмдө аба менен аралашса жарылуу пайда болот. Бензин, эфир сыяктуу органикалык эриткичтер м-н жакшы аралашат. Май, каучук, нефть заттарын, лактарды, полимерлерди жакшы эритет. Бензинди 1825-жылы МА. Фарадей ачкан. 1833-жылы Э. Мичерлих бензой кислотасынын кальций тузун кургак буулантуудан таза түрүндө бөлүп алган. 1865-жылы Кекуле 6 мүчөлүү циклдүү формуласын сунуш кылган:

азеотроптук ара-

лашманы берет. Эгерде бензолдун ядросунда бир суу­тек атому башка атомго же атом топторуна орун алмашкан болсо, кийинки орун алмашуучу атом же атом топтору ядродогу атом же атом топто­рунун табиятына жараша орто, пара же мета абалына багытталат. Бензолдун ядросу окистенүү реакциясына туруктуу. Жогорку температурада V2O5тин таасири астында кычкылтек м-н мале­ин кислотасына чейин окистенет. Бензол кокс газынан, кокс чайырынан ж-а катализатордун катышуу­сунда алифат бирикмелерди дегидрлөөдөн алы­нат. Бензол – химиялык өнөр жайы үчүн эң маанилүү зат. Боёк өндүрүү өнөр жайында, дары-дармек алуу­да аралык зат, лак өндүрүүдө эриткич катары колдонулат. Бензолдун буусу борбордук нерв системасы­на таасир тийгизет. Бензол м-н узак убакытка иштөөгө туура келсе, кан курамынын өзгөрү­шүнө алып келет.

Ад.: Нейлонд О. Я. Органическая химия. М., 1990.


Ж. Медетбекова.