БЕНТОС
БЕ́НТОС (гр. btnthos – тереңдик) – океан, деңиз ж-а көл түбүндө жашоочу организмдер жыйындысы. Бентос организмдери суу түбүндөгү субстратка жараша тиричилик өткөрөт ж-а зоо бентос (жаныбарлар), фито бентос (өсүмдүктөр), бактерия бентос (бактериялар) болуп бөлүнөт. Деңиз зоо бентосуна фораминиферлер, былпылдактар, ичеги көңдөйлүүлөр, асцидиялар, балыктар; фито бентоско деңиз түбүндөгү бактериялар, балырлар кирет. Деңиз Бентосу балык сыяктуу суу жаныбарларына жем, айрымдарын (балыр, краб ж. б.) адамдар тамак-ашка пайдаланат. Ысык-Көлдүн зоо бентосуна нематоддор, олигохеттер, сүлүктөр, жумшак денелүүлөр (үлүлдөр), муунак буттуулар, курт-кумурскалар, алардын личинкалары кирет. Бентостун курамы, таралышы, биологиялык продуктуулугу төмөнкү экологиялык факторлорго байланыштуу: субстраттын мүнөзүнө ж-а анын туруктуулугуна, суу агымынын ылдамдыгына, температурасына, газ режимине ж. б. Бентостун океандагы жалпы биомассасы 10 млрд т га жетет; анын 90%ке жакыны шельфке ж-а материктик капталдарга туура келет.
К. Молдошев.