БЕНТО ДЕ ГОИШ
БЕНТО ДЕ ГО́ИШ [Бенедикт Го́иш (порт. Bento de Góis, Bento de Goës лат. Bento de Goës, Benedictus Goesius, 1562, Азор аралдары, Вила-Франка-ду-Кампу – 11. 04. 1607, Кытай, Сучжоу)] – иезуит орденин миссионери, саякатчы. Индия жана Борбордук Азия аркылуу Кытайга жеткен биринчи европалык адам болуп эсептелет. 1594-жылы Жером Ксавери жетектеген иезуиттер менен Лахорго (кара: Улуу Моголдор империясы) келип, көп өтпөй перс (фарси) тилинде эркин сүйлөөгө үйрөнгөн. 1598-жылы Акбар Iнин кабыл алуусунда болгон мусулман соодагерлер Кытай жана андагы бай шаарлар, ошондой эле ал жакта христиан дининдеги адамдарды көргөнүн айтып беришкен. Бул кабар миссионерлерди өтө кызыктырган, анткени ал учурда европалыктар Марко Полонун (1254–1324) эмгегиндеги Кытай (Катай) жана анын борбору «Ханбалык» менен борбору «Пекин» (Печин) болгон «Синаны» эки башка өлкө деп билишкен. Натыйжада Рим папасы (1592–1605) Климент VIII жана Испаниянын королу (1598–1621) Филипп IIIнүн колдоосу менен Кытайга бара турган атайын экспедиция дайындалган. Аны аткаруу Бенто Гоишке тапшырылып, Акбар I да өз казынасынан 600 алтын акча бөлүп берген. Ал Лахордогу армян улутундагы Исаак деген адамды жардамчы кылып алып, алар 1602-жылы Кабулга келишкен. Андан Гиндукуш тоолорун басып, Тарим ойдуңундагы Жаркентке (Йаркенд) жеткен. Шаардан Султан Махмуд хандын (1592–1609) кабыл алуусунда болуп, ошондой эле Кашкар, Турпан, Комул, Котон сыяктуу шаарлардын башчыларына жолуккан. 1605-жылы декабрда Сучжоу шаарына келип, бул жерден Кытайдын борбор шаарында Маттео Риччи (кыт. Ли Ма-доу) адам башында турган христиан коому бар экенин угушкан. Ал учурдагы кырдаалга байланыштуу Пекинге баруу үчүн атайын уруксат керек болуп, алар ушул ушул шаарда 2 жылдай туруп, 1607-жылы жазында катуу оорудан кийин каза болгон. Анын саякатын Исаак улантып, ал Пекинден Маттео Риччиге жолугуп, жолдогу окуяларын толук баяндап берген. Маттео Риччи (1552–1610) анын баарын кагазга жазып калган жана анын жазгандары фламандык миссионер Никола Триго (1577–1628) тарабынан 1616-жылы «De Christiana expeditione apud Sinas suscepta ab Societate Jesu» деген аталыш менен жарыяланган. Анда жолдогу окуялардан тышкары айрым географиялык маалыматтар кезигип, Чиаикуонго (Chiaicuon – азыркы Ганьсу провинциясына караштуу Цзяюйгуань) чейин негизинен мусулман (сарацин) жана тартарлар («tartari») турганы эскерилет. Тартарлар (котормочу боюнча «татар») жашылча, дан өсүмдүктөрүн, ал түгүл күрүчтү да мал азыктары катары эсептеп, өзүлөрү жаш жылкы, качыр (кулан), төө этинен башканы жебей турганын, сарациндер болсо ислам динин бек тутуп, отурукташып, жер айдап, соода кылган, момун калк катары сүрөттөйт. Андагы сейрек кездешчү маалыматтар Кыргызстандын соңку орто кылымдагы тарыхын окууда маанилүү роль ойнойт.
Ад.: Рубен Гини. Путешествие в Китай Бенто де Гоиша и Исаака Армянина. /Вестник Арменоведения 2015 г. N2(8).