БЕРБЕРЛЕР
БЕРБЕРЛЕР (өздөрүн а м а з и ч, а м а х а ч деп аташат) – Түндүк Африканын (Марокко, Алжир, Тунис) жергиликтүү калкы, ошондой эле Египет, Ливия, Мавритания, Мали, Нигер, Нигерия ж. б. өлкөлөрдө жашаган элдердин тобу. Жалпы саны 30 млндой киши (2005). Бербер тилинин диалектисинде ж-а басымдуу көпчүлүгү араб тилинде сүйлөшөт. Дини – мусулман-суннит, ошондой эле харижит, иудаисттер ж-а христиандар да бар. Берберлер уруусунун негизги топтору: тамазигт, риф, шлёх, туарег, кабил ж. б. Берберлер – Түндүк Африканын байыркы калкы. Алардын ата-бабалары жөнүндө техену деген аталыш м-н б. з. ч. 4-миң жылдыктын аягына таандык Египет жазмаларында 1-жолу эскерилет. Кийин египеттиктер аларды лебу же либу (мындан ливиялыктар деген аталыш пайда болгон) деп атай башташкан. Бербел этноними Түндүк Африканы арабдар басып алгандан кийин (7–8-кылымдар) белгилүү болгон. Арабдар алгач «бербер» терминин «араб эмес», «каапыр» деген мааниде пайдаланышкан. Арабдар басып алган соң, өзгөчө 11–12-кылымдарда Берберлерди арабдаштыруу ж-а исламдаштыруу саясаты жүргүзүлүп, алар араб маданиятын, каада-салтын, тилин, динин (ислам) кабыл алышкан. Азыркы мезгилде Берберлердин көпчүлүгү отурукташкан. Негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык м-н кесип кылышып, таштан ж-а жыгачтан салынган үйлөрдө, көчмөндөр палат-

ка-чатырчаларда жашашат. Берберлерде туугандык-уруучулук сакталып калган. Урууну уруу башчысы башкарып, чарбалык ж-а ички-тышкы маселелерди аксакалдар кеңеши чечет.