БЕРГМАН Ингмар
БЕ́РГМАН Ингмар (14. 7. 1918-жылы туулган, Швеция, Упсала – 30. 7. 2007. Форе, Готланд, Швеция) – швед кино жана театр режиссёру, сценарист. 1944-жылы Хельсинборг шаардык театрда режиссёр. 1959-жылдан Стокгольмдогу драма театрында башкы режиссёр, директор. Кино ишмердиги 1943-жылдан башталган. 1963–1966-жылдары Стокгольмдогу королдук драма театрында жана Мюнхендеги Резиденц театрда башкы режиссёр. Белгилүү тасмалары: «Жайкы түндүн ажары» (1955), «Бүлдүркөн талаасы» (1957), «Бет» (1958),

«Булак» (1959). Анын гуманисттик багыттагы, татаал, терең мазмундуу тасмаларына «Жетинчи мөөр» (1957), «Персона» (1966), «Шыбыроо жана өкүрүк» (1972) кирет. Ал тасмаларынын сценарийин көбүнчө өзү жазган. «Күз сонатасы» (1978), «Фанни жана Александр» (1983) тасмалары өзгөчө баага татыйт. Бергмандын көптөгөн тасмалары эл аралык кино фестивалдарда сыйлык алган.
А. Пазылов.