БЕРДАХ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БЕРДАХ (ылакап аты; чын аты-жөнү – Бердимурат Каргабай уулу; 1827–1900) – каракалпак акыны. Ал – лирикалык, сатиралык, дидактикалык ырлардын, «Санжыра», «Айдос бий», «Амангелди», «Ерназар бий» деген тарыхый поэмалардын автору. Зулум хандын эзүүсүнө каршы элдин күрөшүн чагылдырган «Акмак падыша» поэма-жомогу каракалпак адабиятынын эң жогорку үлгүлөрүнөн. Анда Хива хандыгынын эзүүсүнөн жапа чеккен карапайым букаранын кайгы-муңун көрсөтөт. Бердахтын чыгармалары эл арасына оозеки түрдө таралган. Араб жазуусу менен жазылган айрым ырлары сакталган.
