БЕРИЛЛИЙ
БЕРИ́ЛЛИЙ (Berillium), Be – элементтердин мезгилдик системасынын 2-тобунан орун алган химиялык элемент, атмосфералык массасы 9,0122, ачык боз түстөгү, жеңил металл. Туруктуу бир изотобу 9Be бар. 1798-жылы француз химиги Л. Воклен берилл минералынын курамынан тапкан. Металл түрүндөгү бериллийди 1-жолу 1828-жылы немец химиктери Ф. Велер ж-а А. Бюсси бир убакта бериллий хлоридин калий м-н калыбына келтирүүдөн алган. Ал – сейрек кезигүүчү элемент. Бериллий1285°Сде эрип, 2790°Сде кайнайт. Металлдардын ичинен жылуулук сыйымдуулугу ж-а өткөргүчтүгү жогору, электр каршылыгы төмөн, морт металл. Химиялык бирикмелеринде 2 валенттүү; химиялык жактан абдан активдүү, бирок оксидинин (BeO) жука кабыгы м-н капталган абалда туруктуу. Плавик, туз, суюлтулган күкүрт кислоталарында эрийт. Конценттраттык ж-а суюлтулган HNO3 м-н жогорку температурада гана аракеттенет. Суутек м-н түздөн-түз кошулбайт. Жогорку температурада көпчүлүк металлдар м-н кошулуп, бериллиддерди, азот м-н нитридди Be3N2, көмүртек м-н карбидди Be2C, галогендер м-н галогениддерди пайда кылат. Гидроксиди Ве(ОН) начар негиз, амфотердүү касиетке ээ. Көпчүлүк туздары сууда жакшы эрийт. Начар эриген туздарына фосфаты Be3(PO4)2·XH2O кирет. Бериллий туздарынын эритмелери гидролиздин натыйжасында кычкыл чөйрөгө ээ болот. Ал берилл минералынан алынган бериллий фторидин Mg м-н калыбына келтирүү, бериллий хлориди м-н натрий хлоридинин аралашмасын электролиздөө м-н алынат. Түрдүү куймаларды алууда, атом реакторлорунда, авиация ж-а космос техникасында колдонулат. Бериллийдин кычкылтек м-н бирикмеси ВеО ак кристалл зат, сууда эрибейт, кислоталар, жегичтер м-н туздарды пайда кылат. Отко чыдамдуу тигель, карапа даярдоо үчүн, ядролук реактордо, органикалык синтезде катализатор катары колдонулат.