БЕРИЛЛИЙ КЕНТАШТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕРИ́ЛЛИЙ КЕНТАШТАРЫ – техника м-н эко­номиканын өнүгүшүнүн учурдагы деңгээлине ылайык, курамында казып алууга жарамдуу өлчөмдө бериллий металлы бар тоо тектер же минералдардын чогундусу. Бериллий металлы кенташта (рудада) көбүнчө минералдар түрүндө, кээде тоо тектердин курамында изоморфтук ара­лашма катары болот. Бериллий кенташтарын түзүүчү бериллий­дин негизги минералдары: берилл (курамында ВеО 10–12%), фенакит (42–45%), бертрандит (40–42%), гельбертрандит (32–35%), хризобе­рилл (10–20%), гельвин ж-а гентгельвин (10– 12%). Бериллий кенташтарынын кендери гранит ж-а субжегичтүү гранитоид интрузиялары м-н байланышып, не­гизинен постмагмалык процесстерден пайда бо­лот. Алар бериллийлүү гранит пегматиттер (0,05–0,09% ВеО), гельвиндүү ж-а хризоберилл­дүү скарндар (0,1–0,15%), бериллийлүү грейзен­дер м-н кварц тарамдары (0,1–0,15%) ж. б. сы­яктуу өнөр жайлык маанидеги бир нече типке бөлүнөт. Кендери Орто Азия, Казакстан, АКШ, Колумбия, Бразилия, Түштүк Африка Республикасында ж. б. жерлерде бар.