БЕРИНГ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕ́РИНГ Витус Ионассен (Иван Иванович) (12.8.1681, Дания, Хорсенсе – 8.12.1741, азыр­кы Беринг аралы) – орус деңиз саякатчысы. Россия флотунун капитан-командору (1730). Даниялык. 1703-жылы Россия аскер-деңиз флотуна кызматка

чакырылган. 1724-жылга чейин Балтика ж-а Азов флотто­рунда кызмат өтөгөн. Пёрт Iнин буйругу м-н Орус фло­тунун 1-рангдагы капитаны кызматына (1724) алын­ган. 1725-жылы Азия ж-а Аме­риканын аралыгында мой­нок же кысык бар экенин далилдөө үчүн уюшулган 1-Камчатка экспедициясынын башчылыгына дайындалган. Экспедиция Кам­чатканы ж-а Чукотканы жээктей сүзүп, кысык­тан өтөт да (кийин ал Берингдин ысмы м-н атал­ган), бирок тумандан жер көрүнбөгөндүктөн, кысыктын бар же жок экенин аныктай алган эмес. Бул сапарында 67°18' түш. кеңдикке чейин жеткен. 1732-жылы 2-Камчатка экспедициясын баш­карып, Түндүк Америкага жетип, бир нече аралды ж-а Алеут жалчасын ачкан. Изилдөөлөрү м-н чийген карталарынын негизинде 30дан ашык илимий эмгеги жарык көргөн. Кайтып келатып, кыш­таган аралда (кийин анын ысмы м-н аталган) каза болгон. Берингдин аты м-н Тынч океандагы деңиз, Түштүк Аляскадагы мөңгү ж. б. аталган.

Ад.: Берг Л. С. Открытие Камчатки и экспедиции Беринга. 1725–1742. 3-е изд. М.; Л., 1946; Пасецкий В. М. Витус Беринг. М., 1982.