БЕРИНГ ДЕҢИЗИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕ́РИНГ ДЕҢИЗИ – Тынч океандагы жарты­лай туюк деңиз. Азия м-н Түндүк Американын (Аляска) аралыгында; океандын негизги бө­лүгүнөн Алеут ж-а Командор аралы аркылуу бөлү­нөт. Беринг кысыгы аркылуу Чукча деңизи м-н туташат. Аянты 2315 миң км2. Эң терең жери 5500 м. Жээги бийик, аскалуу. Ири булуңдары: Анадырь ж-а Олютор (Россиянын жээгинде), Нортон ж-а Бристоль (Аляска, АКШ). Ири арал­дары: Карага, Ыйык Лаврентий, Нунивак, При­былов. Анадырь м-н Юкон дарыялары куят. Суунун температу­расы жайында түндүгүндө 5–6°С, түштүгүндө 9– 10°С. Жылдын көп мезгилинде калкыма муз­дар каптайт. Туздуулугу 30–33‰. Түндүк-баты­шында суткасына 2 жолу, калган бөлүктөрүндө беймаал ташкындайт (Бристоль кысыгында би­йиктиги 8,3 мге чейин). Балык (лосось, камбала, сельдь, сайра, минтай) кармалат. Деңиз мышы­гы, түлөн промыселдери өнүккөн. Жээктеринде ж-а аралдарда «канаттуулар базары» бар. Баш­кы порттору: Анадырь, Провидения (Россия) ж-а Ном (АКШ). Деңиз Берингдин ысмынан аталган.