БЕРКОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕ́РКОВ Павел Наумович [2.(14).12. 1896, Бел­город-Днестровский – 9. 8. 1969, Ленинград] – орус адабиятчысы, СССР илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү (1960). Ал XIX–XX-кылымдардагы орус адабияты, анын чет эл адабияттары менен байланыштары, театр, журналистика, китеп таануу, библиография, адабият таа­нуунун техникасы жана методикасы боюнча көптөгөн эмгектерди, СССР элдеринин адабиятта­рын изилдөөгө арналган бир нече макалаларды жазган. «Манас» эпосун иликтөөгө да көңүл бөлүп, «Алтайский эпос и Манас» деген макала жазып, «Манас» эпосун түрк тилдүү башка эл­дердин эпостору менен катар Орто Азия менен Казак­станда кеңири жайылткан. «Алпамыш» жана ал­тайлыктардын «Алып-Манаш» аттуу эпикалык чыгармалары менен салыштырып караган. К. Са­гидова менен бирдикте «Манас» эпосу жөнүндөгү адабият­тар боюнча 700дөн ашуун наамдан турган библиографиялык көрсөткүчтү түзгөн.