БЕРЛИН ДУБАЛЫ
БЕРЛИ́Н ДУБАЛЫ – Батыш жана Чыгыш Берлинди бөлүп келген дубал. 1949-жылы Германиянын аймагында эки мамлекеттин Германия Федеративдүү Республикасынын (ГФР) жана Германия Демократиялык Республикасынын (ГДР) түзүлүшү менен Батыш Берлин ГДРдин аймагындагы анклавга айланган. ГДРдеги тоталитардык режимге нааразы болгон немистер Чыгыш Берлинден Батыш Берлинге, андан ары ГФРге өтүп кетүүгө аракеттенишип, 1945–1961-жылдар аралыгында 3 млндон ашык адам эмиграцияга кеткен. Берлин дубалы 1961-жылы Берлин кризисинин учурунда Германия Демократиялык Республикасы тарабынан тургузулган жана катуу кайтарууга алынган. Германия Демократиялык Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын биригүүсүнөн (3. 10. 1990) кийин, Берлин дубалы өз маанисин жоготкон жана 1991-жылы толугу менен алынып салынган.
