БЕРЛИН КОНГРЕССИ
БЕРЛИ́Н КОНГРЕССИ (1878) – Россия м-н Түркия ортосундагы 1877–78-жылдардагы согушту жыйынтыктаган Сан-Стефано тынчтык келишиминин шарттарын кайра кароо үчүн чакырылган эл аралык конгресс. Буга Россиянын, Англиянын, Австрия-Венгриянын, Германиянын өкүлдөрү, ошондой эле Франция м-н Италиянын делегациялары катышкан. Конгрессте Германиянын канцлери Бисмарк төрагалык кылган. 1(13)- июлда Берлин трактатына кол коюлуп, Сан- Стефано келишиминин шарттары өзгөртүлгөн: ошол келишим боюнча Болгариянын курамына кирген Македония Түркияга кайтарылган; автономия алган Болгариянын аймагы жарымынан көбүрөөк кыскарган; Түштък Балкандын болгарлар жашаган аймагында автономиялуу деп саналган, бирок чынында султанга көз каранды Чыгыш Румелия мамлекети түзүлгөн; Сербия, Черногория, Румыния көз каранды эмес өлкөлөр деп жарыяланган; Австрия-Венгрия Босния м-н Герцеговинаны оккупациялоого «укук» алган. Россиянын карамагында Закавказьедеги Карс ж-а Ардаган округдары, Батум шаары м-н Бессарабиянын

түштүк тарабы калган. Берлин конгрессинин бул бүтүмдөрү Балкан согушуна (1912–13) чейин күчүндө турган.