БЕРНЕС
БЕРНЕ́С (өз фамилиясы Нейман) Марк Наумович – [8(21). 9. 1911, Чернигов губерниясы, Нежин шаары – 17. 8. 1969, Москва] – орус актёру, эстрада ырчысы, РСФСР эл артисти (1965). Харьковдо театр курсун бүткөн. Харьков, Москва театрларында иштеген. Кинодо 1937-жылдан («Шахтёрлор», «Мылтыкчан киши», «Чоң өмүр», «Истребителдер»).

Аткарган ролдорундагы адамдардын карама-каршылыктуу сапаттары, жөнөкөйлүк, ыр жана тамаша Бернести мезгилдин белгилүү актёру катары тааныткан. Согуш мезгилиндеги элдин баатырдык образын «Эки жоокер» (1943) фильминде ачып берген. Умар Магометтин («Москвадан алыс», СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1951), Косаревдин («Тарас Шевченко»), Караваевдин («Женя, Женечка жана “катюша”») жана башка курч мүнөздөгү образдарды түзгөн. 1943-жылдан эстрада ырчысы. Э. Колмановскийдин «Өмүр, мен сени сүйөм», Я. Френкелдин «Турналар» жана башка ырлар анын аткаруусунда эл арасында кеңири тараган.