БЕРНУЛЛИЛЕР
БЕРНУЛЛИЛЕР (Bernoulli) – швейцариялык илимпоздор үй-бүлөсү. Я к о б Бернулли (27.12.1654, Базель – 16.8.1705, ошол эле жерде) – математик, Базель университетинде профессор (1687). Иниси Иоганн м-н бирдикте вариациялык эсептөөгө жол салган. Анын изопериметрдик маселеси өзгөчө мааниге ээ болуп, брахистохрона маселесин чечкен. Чоң сандар законунун бир көрүнүшү болгон Бернулли теоремасын «Искусстводогу болжолдоолор» («Ars conjectandi», Basileae, 1713) эмгегинде далилдеген. Бирдей даражадагы натуралдык сандардын суммасын эсептөөдө Бернулли санын ачкан. Физиканын айрым облусу боюнча да эмгектери бар. И о г а н н Бернулли (27.7.1667, Базель – 1.1.1748, ошол эле жерде) – математик, Якоб Бернуллинин иниси, Петербург ИАнын ардактуу мүчөсү (1725), Гронинген (Голландия, 1695) ж-а Базель (1705) университеттеринин профессору. Дифференциалдык ж-а интегралдык эсептөөлөрдү иштеп чыгууда немец математиги Г. Лейбниц м-н бир катар ачылыштарды жасаган. Дифференциалдык ж-а интегралдык эсептөөлөрдүн биринчи системалуу баяндамасын сунуш кылып, кадимки дифференциалдык теңдемелердин чыгарылышынын айрым ыкмаларын иштеп чыккан. Геодезиялык сызыктар жөнүндөгү классикалык маселени чыгарып, аны мүнөздөөчү геометриялык касиеттерин, кийин алардын дифференциалдык теңдемелерин тапкан. Механикадагы согуу теориясы, карама-каршылыктуу чөйрөдөгү нерсенин кыймылынын теориясы ж. б. тармактар боюнча эмгектери бар. Д а н и и л Бернгулли (29.1.1700, Гронинген –17.3.1782, Базель) – Иоганн Бернуллинин уулу. Физиология, медицина, айрыкча математика ж-а механика илимдери боюнча көп иштеген. Петербург ИАнын ардактуу мүчөсү, Базель университетинде физиология (1733) ж-а механика (1750) боюнча профессор. Математика боюнча алгебралык теңдемелердин кайрылма катардын жардамы м-н сандык чыгарылыш ыкмасы, кадимки дифференциалдык теңдемелер, ыктымалдык теориясы, астрономия, катарлар теориясы боюнча эмгектерин жараткан.