БЕССАРАБИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕССАРА́БИЯ – Кара деңиз м-н Дунай, Днестр, Прут ж-а Ракитна дарыяларынын аралыгындагы та­рыхый аймак. 19-кылымдын башына чейин Бессарабия деп Прут ж-а Днестр дарыяларынын аралыгындагы аймак аталып келген. 10–11-кылымдарда Бессарабия Байыркы Орус мамлекетинин, кийин Галиция ж-а Галиция- Волынь княздыктарынын курамына кирген. 14-кылымдан Молдова княздыгынын курамында, 16-кылымдын башында Түркия тарабынан каратыл­ган. 1812-жылдан Россия империясына, 1918– 40-жылдарда Румынияга кирген. 1940–91-жылдарда СССРдин курамында. Азыркы учурда Бессарабия Молдова Респ­убликасынын негизги аймагын түзөт, ал эми айрым бөлүктөрү Украинанын Одесса облусунун айма­гында.