БЕСТСЕЛЛЕР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү

БЕСТСЕ́ЛЛЕР (англисче best – чоң, эң жакшы; sell – сатуу) – өтүмдүү, тез сатылып кетүүчү, көп нускада басылуучу китеп. Бестселлерди жарыялоо үчүн атайын орун бөлүнөт. Мисалы, Америкада китеп калктын 1%тен кем эмес бөлүгү тарабынан сатылып алынганда гана Бестселлер деп эсептелет. Бестселлер сөзсүз түрдө эле өзүнүн көркөмдүк жана мазмундук сапаттары боюнча мыкты боло бербейт. Көп учурда китептин тездик менен сатылып кетиши - жакшы уюштурулган үгүттүк өнөктүккө да байланыштуу болот.