БЕТЕГЕ
БЕТЕГЕ (Festuca L.) – дан өсүмдүктөр тукумундагы көп жылдык чөп. Түбү катуу болуп түптөнгөн, көптөгөн, майда ичке сабактуу, сабагынын бийиктиги 10–120 см, жалбырагы ичке, гүлү шыпыргы топ гүлгө чогулган. Анын 500дөй түрү белгилүү, Кыргызстанда 13 түрү бар. Шалбаа, кызыл ж-а жипчелүү бетегенин чарбалык мааниси чоң. Тоодо, талаада, негизинен мелүүн ж-а суук алкактарда кеңири таралган. Малдын тебелеп оттоосуна туруштук бергендиктен, жайытта башка өсүмдүктөрдөн басымдуулук кылат. Бетегенин өзгөчө касиети – жазында кар кетери м-н тез өсөт, башка чөптөргө салыштырганда 5–10 күн мурун мал оттоого жарайт. Ал эми күз айында кайрадан алысындап өсүп, мал оттоого өбөлгө түзөт. Бетегелүү жайытка малды эрте жазда жайса, малдын кайсы түрү болбосун жакшы оттойт.