БЕТЕХТИН
БЕТЕ́ХТИН Анатолий Георгиевич (24. 2 (8. 3). 1897, Вологда губерниясы, Стригино кыштагы – 20. 4. 1962, Москва) – геолог, минералог, СССР ИАнын академиги (1953; корреспондент-мүчөсү, 1946). Ленинград тоо кен институтун бүткөн (1924). Ошол институтта доцент (1929), профессор (1937), СССР ИАнын геологиялык илим (1937) ж-а кенташ (руда) кендеринин геологиясы, петрография, минералогия ж-а геохимия (1956) институттарында иштеген. Негизги эмгектери кен пайда болуу процесстери м-н минераграфияга (кенташтарды микроскоп м-н изилдөө) арналган. Бетехтин кенташтардын ж-а минералдардын парагенезин изилдөөнү физикалык-химия м-н кристалл химиясы закондорунун негизинде жүргүзүү багытын өнүктүргөн. Марганец кенташтарынын пайда болуу теориясын иштеп чыккан. Гидротермдик эритиндилер, алардын жаралышы ж-а кенташ пайда кылуу процесстерин кеңири изилдеген. 1928-жылы Кыргызстандагы айрым полиметалл кендерин (Кан, Талды-Булак) изилдеген. Анын ысымы м-н минерал (бетехтинит) аталган. Бетехтин – СССР мамлекеттик сыйлыгынын (1947), Лениндик сыйлыктын (1958) лауреаты. Ленин ордени, 2 Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Некоторые данные по серебросвинцовому месторождению Талды-Булак в Семиречье // «Изв. ГГРУ», в. 28, 1931. Промышленные марганцевые руды СССР. М.; Л., 1946; Минералогия. М., 1950;
Ад.: Шадлун Т. Н. Памяти акад. А. Г. Бетехтина //«Геология рудных месторождений», 1963, ¹ 3; А. Г. Бетехтин. М., 1959 (Материалы к биобиблиографии учёных СССР, в. 14).