БЕТОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕТО́Н (французча betоп, латынча hitumеп – тоо чайыры), к у й м а т а ш – батташтыргычтар (суулуу же суусуз), толтургучтар, кээде атайын кошулма­лардын тыгыздалган аралашмаларынан каты­рып алынуучу жасалма таш материал; негизги курулуш материалынын бири. Калыптоого че­йин аталган аралашма бетон аралашмасы деп ата­лат. Ал батташтыргычына жараша органикалык эмес бат­таштыргычтан (цемент-, гипс-, силикат-, ысык­ка чыдамдуу бетон жана башка атайын даярдалган бетон) жана органикалык батташтыргычтан (асфальт-, пласт-бетон) даярдалган бетон болуп бөлүнөт. Цемент-бетон орточо тыгыздыгы (көлөмдүк кг/м3) боюнча өтө оор (2500дөн жогору), оор (800дөн 2500гө чейин), жеңил (500дөн 1800гө чейин), керамзит-бетон, шлак-бетон жана башкалар), өтө жеңил (500дөн аз) болуп айырмаланат. Маанилүү касиети анын бекемди­ги, ал өз кезегинде батташтыргыч заттын түрүнө ж-а сапатына, бетондун орточо тыгыздыгына көз-каранды. Бекемдиги анын маркасы менен мү­нөздөлөт (кысууга, чоюлууга жана ийилүүгө бе­кемдик чеги). Көпчүлүк бетондун чоюлууга турук­туулугу анын кысууга болгон бекемдигинен 5– 10 эсеге аз болот.