БЕТОН АРАЛАШТЫРГЫЧ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БЕТО́Н АРАЛАШТЫРГЫЧ – цемент, кум, шагыл же гравий, суудан турган бетон аралашмасын механикалык жол менен аралаштырып даярдоочу машина. Анын түрлөрү: циклдик жана үзгүлтүксүз аракеттеги; көчмө жана туруктуу (стационардык); аралашма даярдоо ыкмасы боюнча гравитациялык жана мажбурлап аралаштыргыч түрлөрү бар. Автотранспортко орнотулган бетон аралаштыргыч авто бетон аралаштыргыч деп аталат.