БЕТОН ИШТЕРИ
БЕТО́Н ИШТЕРИ – бетон ж-а темир-бетон конструкцияларын, курулмаларын тургузууда аткарылуучу курулуш иштеринин комплекси. Аларга төмөнкүдөй негизги процесстер кирет: бетон аралашмасын даярдоо, аны курулуш аянтына жеткирүү, калыпка (опалубка) куюп, тыгыздоо ж-а анын кургап катышына шарт түзүү, ошондой эле калыпты алып таштоо. Бетон аралашмасын даярдоодо алгачкы материалдын сапаты, курамын түзүүчү заттарды туура ж-а так тандоо ж-а жакшылап аралаштыруу мааниге ээ. Бетон аралашмасы атайын жайдагы бетон аралаштыргычта даярдалат, анын компоненттери (цемент, толтургучтар, суу ж-а ар кандай кошумчалар) 1–2 %ке чейинки тактыкта ченелет. Бетон аралашмасы жетишсиз аралаштырылса, бетондун касиети начарлап, анын бышыктыгы төмөндөйт. Бетонду «кароо» – температуранын режимин кармоо, температурадан болуучу деформацияны болтурбоо аракети, катып жаткан бетонду уруудан сактоо ж. б. Бетондун ачык жерлерин суулап, бетин жаап, кышында жылуулап туруу натыйжалуу болуп эсептелет.