БЕТОН КОНСТРУКЦИЯЛАРЫ ЖАНА КУРАМА БӨЛҮКТӨР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЕТО́Н КОНСТРУКЦИЯЛАРЫ ЖАНА КУРАМА БӨЛҮКТӨР – имараттын жана курулманын ар­матурасыз же аз арматуралуу (конструкциялык) бетон­дон даярдалган бөлүгү. Алар начар чоюлган­дыктан, жалаң кысуу күчү таасир этүүчү жерге пайдаланылат. Имараттын пайдубалы, дубалы жана блоктору, гидротехникалык курулмалардын бөлүк­төрү, мунара, чүмбөт жана көпүрө тирөөчтөрү, жолго жана жан жолчого (тротуарга) төшөлүүчү такталар (плиталар) жана башкалар катары кеңири кол­донулат. Алардын заводдо даярдалган курама бөлүктөрү натыйжалуу болуп эсептелет. Ал эми өтө көлөмдүү курулмалардын конструкциялары (мисалы, плотина, ири пайдубал, көтөрмөлөр, тирөөч дубал жана башкалар) монолит бетондон даярдалат.